Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуКара-Суу району 08.04.2019 18:27

Тургундар менен айыл өкмөт башчынын бүтпөгөн чыры: Кара-суулук 2 аял Бишкекке жөө чыгышты

Turmush -  Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2 тургуну бийлик органдарына нааразычылык билдиришип, Бишкек шаарына чейин жөө барышат. Бул тууралуу алар бүгүн, 8-апрелде АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдиришти.

Буга чейин Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө жер тилкелер мыйзамсыз сатылып жатканы боюнча бир нече жолу айтылган. Бирок бул сөздөрдү айыл өкмөт башчысы Шарабидин Капаров четке кагып келет.

Аталган айыл өкмөттүн жашоочулары — Орозакан Токторалиева менен Гүлнара Мирзакеримова айыл өкмөттөгү маселе боюнча Жогорку Кеңешке, райондук жана облустук прокуратурага кайрылышкан. Мындан улам айыл өкмөткө тынымсыз текшерүүлөр келе баштаган. Ошондон кийин Ш.Капаров жергиликтүү эки жашоочуну сотко берип, 1,5 млн сом компенсация талап кылган.

Нааразы болгондордун бири Орозакан Токторалиева сот иштерине алар гана барып жатканын, айыл өкмөт башчысы катышпай жатканын айтты.

«Бизге жер керек болуп айыл өкмөт башчы Шарабидин Капаровго кайрылганбыз. Ал "ана берем, мына берем" деп жүрүп ушул күн болду. Барган сайын "кезеги менен жер берилет" дейт. Макул, жерлер трансформация боло элек экен, анда аукцион кылып, өзүнүн эле туугандарына жер сатып жатканы эмнеси? Анан бизди сотко берип, 1 млн сом компенсация сурап жатат. Бул боюнча кайрылбаган бийлик органдарыбыз калган жок. Ошондуктан В.Путинге (Россиянын президенти) кайрылдык. Кыргызстан өз алдынча эгемендүү мамлекет экенин билебиз. Бирок ушундай жол менен болсо да маселени чечүү жолдорун караштырдык. Биз Путинге "чечип бер" деп кайрылган жокпуз. "Ушул маселени кыргыз өкмөтүнө жеткирип коюңуз" деп кайрылдык. Анан бийлик органдарына жазган каттарыбыздын жоопторуна канааттанган жокпуз», - деди О.Токторалиева.

Айыл өкмөттүн дагы бир жашоочусу Гүлнара Мырзакеримова бул маселе 1,5 жылдан бери чечилбей жатканын айтты.

«Даттанып жүргөнүбүзгө 1,5 жыл болду. Бизге көңүл бурбай жатышат. Ошондуктан бийлик органдарына нааразычылык билдирип, жөө жөнөгөнү жатабыз. Ошондуктан урматтуу, Сооронбай Шарипович, биздин маселебиздин чечилүүсүнө жардам бериңиз!», - деди Г.Мырзакеримова.

Ал эми Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаров маалымат жыйынга чогулган аялдардын аракети соттук отурумдан кутулуунун айласы экенин айтты.

«Булар былтыр менин үстүмдөн бардык органдарга арыз жазышкан. Ошондуктан мага 15 органдан текшерүү келген. Бирок алар кыңыр иш табышкан эмес. Анан мен бул аялдардын жоопкерчилигин кароо боюнча Кара-Суу райондук сотуна кайрылгам. Сот процесси башталды. Булар 4 отурумга барбай, 1 эле отурумга барышты. Эртең дагы соттун отуруму болмок. Ошондуктан булар ага барбоонун айласын кылып, ушул иштерди жасап жатышат», - деди Ш.Капаров.

Аймактык кабарчынын маалыматына караганда, бүгүн, 8-апрелде Орозакан Токторалиева жана Гүлнара Мирзакеримова Бишкекке жөө чыгышты .

Буга чейин бир нече жаран Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө нааразычылык билдиришип, аталган айыл өкмөткө караштуу Сүрөт-Таш участкасындагы 5 көчө үй салуу үчүн сатылып кеткендигин айтышан. Бирок айыл өкмөт башчысы айтылган кептерди четке каккан. Кийинчерээк Шарабидин Капаров эки жарандын үстүнөн Кара-Суу райондук сотуна кайрылып, 1 млн сомдук акча өндүрүп берүүнү суранган.

Ушул жылдын 28-февралында аталган жарандар Орусиянын президентти Владимир Путинге кайрылышып, айтылган маселелерди чечип берүүсүн өтүнүшкөн. Бирок кийинчерээк кайрылуусунан баш тартышкан.

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу 2 миң 101 гектар жер бар. Анын ичинен 404 гектары кайрак, 1 миң 697 гектары сугат жер болуп саналат. Кайрак жерлердин ичинен 359 гектары үлүш жерлер, 45 гектары кайра бөлүштүрүү фондунун жери болуп эсептелет. Сугат жерлердин 1 миң 386 гектары үлүш жерлер болсо, 311 гектары кайра бөлүштүрүү фондуна карайт.

Аталган айыл өкмөттүн курамында 7 айыл бар. Жалпысынан 35 миң 600 адам жашайт. Бүгүнкү күндө айыл өкмөттөгү 3 миңге жакын адам жер тилкеге муктаж.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×