Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусу, Ош 09.04.2019 09:41 На русском

Оймолуу чепкен, жоолук жана кортеж: Валентина Шевченкону Ошто кандай тосуп алышты? (сүрөт, видео)

Turmush -  UFC чемпиону Валентина Шевченкону «Ош» эл аралык аэропортунда салтанаттуу түрдө тосуп алышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Учак эртең мененки саат 8:30да «Ош» эл аралык аэропортуна конгон. В.Шевченко менен бирге анын машыктыруучусу жана апасы келди. Аларды Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев, «Ош-Тазалык» ишканасынын башчысы Нурбек Исмаилов тосуп алышты. Андан соң аларды аэропорттун VIP бөлмөсүндө Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Оштогу өкүлү Узарбек Жылкыбаев тосуп, спортчуга белектерди тапшырып, кыргыз оймосу түшүрүлгөн чапан кийгизип, жоолук салышты.

В.Шевченко Ош шаарына 18 жыл мурун келгендигин, бул шаардан ММА боюнча көп мыкты спортчулар чыкканын белгилеп, аны жылуу тосуп алгандарга ыраазычылыгын билдирди. Андан кийин конокторду атайын кортеж менен Ош шаарына алып кетишти.

Учурда Валентина Шевченко Ош шаарындагы мейманканалардын биринде журналисттер менен маектешүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×