Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Талас облусуТалас району 25.04.2019 16:04

Өзгөчө ысым Таластагы чебер Уулбек апанын ысымын жолдошу таанышканда эле Уул деп өзгөртүп алган (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Калба айылынын 60 жаштагы тургуну Уулбек Калыбаеванын ысымын жолдошу Уул деп кыскартып атап алган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Тогуз-Торо районунун Чет-Булак айылында төрөлгөн.

«Нарындын айылындагы мектепти ийгиликтүү бүткөндөн кийин Бишкекке барып, почтада иштеп калдым. Жолдошум менен ошол жактан таанышкам. Буйрук экен Таласка келип, 1979-жылы баш коштук. Өзүмдүн 1 акем, андан кийин 2 эжем болсо, бирөөсү кайтыш болуптур. Андан кийин мен төрөлгөн экенмин. Менин аркамдан уул келсе экен деп ысымымды Уулбек деп коюшуптур. Менден кийин 2 уул жана 2 кыз бар. Жалпы 7 бир тууганбыз.

Мени көрбөй, атымды эле уккандар айым эмес эркек киши экен деп ойлоп жүрүшөт. Мени көргөндө «сиз эже турбайсызбы» деп күлүп калгандар көп болгон. Документ менен барган жеримдин баары атымды кайталап, таң калып сурашат. Атымды мектепте окуп жүргөндө өзгөртүүнү кааладым. Бирок эс тартып калганда ойлонуп, ата-энем койгон ысымга каршы чыккан жокмун.

Жолдошум менен таанышканда атымды угуп таң калган. Ошол таанышкан күндөн баштап эле эл чоочулабасын дедиби Уул деп кыскартып койду (күлүп). Азыр баары Уул деп таанышат.

10-классты аяктаганда классташтар болуп «Алтын казык» деген бригада уюштуруп, 1 жыл айылда чөп жыйнап иштедик. Анда мен кырын чыгара чөптөрдү пресстеп басчумун. Бул жакка келин болуп келгенде бизге жер бөлүнүп берилди, ага чөп септик. Абышкам чөптү жерден алып берсе, мен чарбакка бийиктеп жыйнаганда айылдагылар «Уул деп атына заты окшоп чөп жыйганын карачы» деп, жакшы сөз айткандар дагы көп болгон (күлүп)», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле 30 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен да алектенет.

«Таласка келин болуп келгенден бери тикмечилик менен турмуш кечирип келем. Курактарды курайм, буйрутма алып иштейм. Кол өнөрчүлүктүн бардык түрү жасап көрдүм. Бирок алгачкы ишимди курак менен баштагандыктан, куракка жакын экенимди билип, ушул күнгө чейин курап келем. Комплект кылып септерди курап тигем. Алгач Чүйгө кыздын себин тигүүгө буйрутма болуп, ал жакка барып даярдап бердим. Эл болгондон кийин биринен-бири угуп, башка облустарга да чакырта беришет. Септи баштан-аяк 5 күндө бүтүрүп кетип калам. 60 ашык кыздын себин даярдап бердим. Дагы деле келе беришет. 1 септи 5 сыйра деп коебуз, анда 10 жууркан, 5 жер төшөк 3 жаздык болот. Кызмат акым 5 миң сомдон өйдө болот. Кирип-чыгып каражат табам, отура албайм (күлүп). Бул жумуш менен иштеп келе жатканыма кубанам. Канчалаган кардарлар ыраазы болушат. Биздин улуттук кол өнөрчүлүк кайрадан жанданып, куракка басым коюп келе жатканы жакшы көрүнүш. Негизи эле кол өнөрчүлөр өнөрдү ардактап, жаңы идеалар менен толуктап, маданияттын жайылышына дагы чоң салым кошуп, эл баалагандыгы дагы жакшы болуп жатат.

Кездемелердин көбүнчөсү Таластын базарынан сатып алып келем. Жаңы келин болуп келгенде илмек ийне менен тор токучумун. Ошондо балдарыма сатып албастан токуп кийим кийгизсем, азыр неберелериме токуп берем. Жумушум менен алектенип отуруп күндүн батканын билбей калам. Жер төшөктү 1000 сомдон өйдө курап тигип берем. Курактардан сумкаларды тиккенди турам. Жашым өтүп бара жаткандыктан жаштарга үйрөтүп келем. Улап кетсе дейм, кызым дагы тигет. Бул курак кооздук гана бербестен, табышмак дагы катылгандай сезем. Бир көргөндө байкалбаганы менен көчмөн маданият камтылган. Азыркы кезде курак түшүрүп кыз-келиндер көйнөк, белдемчи, шапкаларды тиктирип алып кетишет. Эски менен жаңыны айкалыштырып курай берем», - деди ал.

Уулбек апа 5 кыз, 2 уул, 10дон ашык неберенин энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×