Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Талас облусуТалас району 09.04.2019 17:49 Жаңыланды: 20.04.2019 18:49

Эл ичи — өнөр кенчи: Таластык Нуржан мыкты көк бөрүчү болуунун сырлары менен бөлүштү (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Калба айылынын 23 жаштагы тургуну Бактияр уулу Нуржан көк бөрүдө ийгиликтерге жетише баштады. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, азыр оюндарга Жертаман деген аргымагы менен чыгып жүрөт.

«Жертаман деген атымды чаап жүрөм. Бул аттан башка дагы аттар бар. Баарын өзүм карап, таптап, суутуп, убагында тоюттан калтырбай багып жүрөм. Башка таптап жүргөн аттарым менен алмаштырып ойноп калам. Оюндардан акчалай байгелерди жана мал (кой, тай, эчки) жеңип жүрөбүз.

Көк бөрү оюнунда чабуулчунун позициясында ойнойм. Ат оюндарысыз жашоомду элестете албайм. Чоң аталарыбыз улак тартышчу экен. Менде дагы кызыгуу абдан чоң. Убактым кечке чейин таптаган аттарым менен өтөт. Аларды карап, сугарып, бастырам. Улакты эңип кетүүгө күч керек. Ошондуктан күрөш менен машыгып, залга барып турам. Кара күч эле керек десем жаңылам. Анткени туура акыл калчап, чабуул жасоо дагы зарыл.

Айыл ичинде машыгуулар болуп турат. Мектеп курагымдан бери айыл ичиндеги улак оюндарын калтырбай катышып турчумун. Кийин район аралык мелдештерде ойноп жүрүп, облустар аралык чоң беттештерге чыгып калдым. Ойноп жүргөнүмө көп жыл болду. Бирок чоң чөйрөдө жүргөнүмө 2 жылга чамалап калды. Жолдоштук беттештер болуп турат. Колдорубуз карышып калса дагы улак эңгенге аракет кылам. Кыргыздын ар бир жигити ат оюндарын ойноп, күчүн сынап көрүшү керек деп ойлойм. Азыр көк бөрүсүз той-аштар өтпөй калбадыбы. Анда дагы ойноп жүрөм. Бул оюнду дүйнө эли дагы билип калбадыбы. Ошондуктан ойноо эрежесин туура сактап, дагы жайылта беришибиз керек. Эрежесинде камчылап, бири-бирибизди урмай жок. Жөнү жок аттарды кагыштырмай болбош керек. Жакшы билбеген киши оюнду карап турса, улакты жулуп алып казанга салыш керек дегендей сезилет. Чынында ошондой, бирок амалкөйлүк, мыкты тактика жана ойлонуу керек. Көк бөрүнү ойногондо күчтүү жана чыдамкай болуу зарыл.

Көк бөрү оюнуна байланып турган эле ат жарай бербейт. Ал башка аттар менен жүргөндө буйтаганды, катуу чуркаганды, казандан корпогонго үйрөнгөн болушу керек. Эгер ат тиштенчек же тебенек болсо оюнчуларга зыянын тийгизип калат. Мен жаракат алган эмесмин, бирок бул сары атым оюнда бутун кокустатып алган. Айыгып келе жатат, айыкканда кайра эле оюнга аралаштырам. Анткени, бул ат көк бөрү үчүн жаралгандай. Мен ага, ал мага көнүп калган. Байге үчүн деп максат койбостон, намыс үчүн тирешип ойноп келем. Алдыда мыкты көк бөрүчүлөрдү даярдап чыгарсам дейм. Ар бир муундан мыкты оюнчулар чыгып турушу керек», - деди ал.

Нуржан мырза учурда бойдок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×