Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусуӨзгөн району 10.04.2019 09:35

Өзгөндө жер көчкүнү алдын алуу максатында 7,5 миң түп көчөт отургузулду (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунун Курбу-Таш айылындагы жер көчкү түшкөн жерге 3 миң 500 түп көчөт тигилип, «Курбу-Таш токою» уюштурулду. Бул тууралуу Өзгөн райондук администрациясынан билдиришти.

2017-жылдын жаз айларында Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылында жер көчкү жүрүп, 60тан ашуун турак үй көчкүнүн алдында калып, жергиликтүү тургундар башка аймактарга көчүүгө аргасыз болгон. Ошондон улам «Курбу-Таш токою» долбоору ишке кирип, табигый кырсыктарды алдын-алуу максатында аталган аймакка көчөттөр отургузулду.

Бак отургузуу үчүн атайын ишембилик уюштурулуп, ага Өзгөн районунун акими Бактыбек Алайчиев, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациянын кызматкерлери, мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери, жергиликтүү тургундар катышып, жалпысынан 3 миң 500 түп жаңгак, зараң (клён), эмендин көчөттөрү отургузулду. Ишембиликке 300дөн ашык адам катышкан.

Буга чейин Жалпак-Таш айыл өкмөтү тарабынан 4 миң көчөт отургузулган. Аталган аймакка баш-аягы 7,5 миң түп ар кандай бак-дарактардын көчөтү отургузулду. «Курбу-Таш токою» долбоору 30 га жер аянтында ишке ашырылууда. Учурда 10 га жерге көчөттөр тигилген. Калган 20 га жерге көчөттөрдүн уруктары чачылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×