Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусу, Ош 10.04.2019 10:20 На русском

«Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн борбору»: Конокторду кабыл алууга кызуу даярдыктар көрүлүүдө (сүрөт)

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Өкмөт мүчөлөрү Ош шаарына келип, 19-апрелден 23-апрелге чейин өтө турган «Ош шаары — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» аталышындагы маданий иш-чарага болгон даярдыкты текшеришти, деп билдирди аймактык кабарчы.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбековага Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү У.Жылкыбаев, маданият министри А.Жаманкулов жана башка министрликтин өкүлдөрү, уюштуруу иштери боюнча комиссиянын мүчөлөрү иш-чаралар өтүүчү жайлар менен тааныштырышып, маалымат беришти.

У.Жылкыбаев Ош шаарын дүйнөгө таанытууга жакшы мүмкүнчүлүк жаралганын айтты.

«Түркиядан 200дөн ашуун киши келери күтүлүүдө. Алгач "Мээрим" эс алуу багында сүмөлөк кайнатылып, оюн-зооктор тартууланат. Андан соң борбордук аянттан стадионго чейин этнобазар уюштурулуп, көргөзмө болот. Акимдерге тапшырмалар берилди. Ошол эле күнү кечинде борбордук стадиондо иш-чаранын расмий ачылыш аземи өтөт. Ага 800дөй адам даярданып жатат. Кыргыздын белгилүү ырчылары, театр актерлору катышкан концерттик программа 2 саатка созулат. Шаар тургундары дагы 4 күндүк майрамга катышып, келген конокторго меймандостугубузду көрсөтүшөт деп ишенебиз», - деди өкмөттүн Оштогу өкүлү.

Учурда иш-чаралар өтүүчү жайларда оңдоо иштери уланып жатат.

Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, «Ош шаары — Түрк элдеринин маданий борбору» эл аралык салтанаты 19-апрель күнү башталат. 20-апрелде «Түрк дүйнөсүнүн этно маданияты» фестивалы, «Элдик каада-салттар», «Этно музыка», «Этно мода» иш-чаралары өтөт. Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратында илимий-практикалык конференция өтөт. «Алымбек датка» этнографиялык борборунда өтүүчү «Түрк элдеринин маданияты Сулайман-Тоодо» аталышындагы маданий иш-чарадан кийин «Сулайман-Тоо ынтымак жүрүшү» болот. Жүрүш коноктордун жана шаар тургундарынын катышуусунда «Алымбек датка» этнографиялык борборунан А.Сүйүмбаев стадионуна чейин уланат. Ошол эле күнү кечинде борбордук стадиондо «Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык салтанаттын расмий ачылыш аземи президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×