Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусуКара-Суу району 10.04.2019 16:38 На русском

«Бишкекке жөө барабыз»: Жергиликтүү бийликке нааразы болгон 2 аял Ноокенге жетти (видео)

Орозакан Токторалиева жана Гүлнара Мирзакеримова
Орозакан Токторалиева жана Гүлнара Мирзакеримова

Turmush -  8-апрель күнү Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2 тургуну жергиликтүү бийлик органдарына нааразычылык билдиришип, Бишкек шаарына жөө жөнөшкөн.

Аталган айыл өкмөттүн жашоочулары — Орозакан Токторалиева менен Гүлнара Мирзакеримова айыл өкмөттөгү жер маселеси боюнча Жогорку Кеңешке, райондук жана облустук прокуратурага кайрылышкан. Андан кийин айыл өкмөткө тынымсыз текшерүүлөр келе баштаган. Айыл өкмөт башчысы Ш.Капаров жергиликтүү эки жашоочуну сотко берип, 1,5 млн сом компенсация талап кылган.

Буга чейин Орозакан Токторалиева сот иштерине алар гана барып жатканын, айыл өкмөт башчысы катышпай жатканын билдирген. Эки аял президентке жолугуу үчүн 8-апрелде Ош шаарынан Бишкекти көздөй жөө жөнөшкөн. Учурда алар Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна жетишти. Бул тууралуу Орозакан Токторалиева аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, Кара-Суу районунун акиминин орун басары баш болгон бир нече адам алардын жолун тосуп, артка кайтарууга аракет кылышкан.

«Биз көздөгөн максатыбыздан артка кайтпайбыз. Районду уят кылып жатасыңар деп, алдыбызды тосуп чыгып, бизге тоскоолдук кылышты», - деди О.Токторалиева.

Ал эми Кара-Суу районунун акиминин орун басары Мехриниса Жороева алардын жолун тосуп, артка кайтарууга аракет кылгандарын тастыктады.

«Айыл өкмөт менен болгон чырды чечип берүүгө аракет кылалы», - деп сунуш киргизгенин билдирди.

Буга чейин Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө жер тилкелер мыйзамсыз сатылып жатканы боюнча бир нече жолу айтылган. Бирок бул сөздөрдү айыл өкмөт башчысы Шарабидин Капаров четке кагып келет. Ал аялдардын аракети соттук отурумдан кутулуунун айласы экенин айткан.

«Булар былтыр менин үстүмдөн бардык органдарга арыз жазышкан. Ошондуктан мага 15 органдан текшерүү келген. Бирок алар кыңыр иш табышкан эмес. Анан мен бул аялдардын жоопкерчилигин кароо боюнча Кара-Суу райондук сотуна кайрылгам. Сот процесси башталды. Булар 4 отурумга барбай, 1 эле отурумга барышты. Эртең дагы соттун отуруму болмок. Ошондуктан булар ага барбоонун айласын кылып, ушул иштерди жасап жатышат», - деген Ш.Капаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×