Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусу, Ош 11.04.2019 09:29 На русском

11 жаштагы Динер В.Шевченко үчүн эң оор суроону мектептен даярдап келген (сүрөт)

11 жаштагы Динер
11 жаштагы Динер

Turmush -  9-апрель күнү UFC чемпиону Валентина Шевченко Ош шаарына келип, бир нече иш-чарага катышкан. Күндүн соңунда ал шаардын борбордук аянтында күйөрмандары менен жолугушкан. Анын алкагында концерттик программа болуп, күйөрмандар спортчуга суроолорун беришкен. Мыкты суроонун ээлери В.Шевченконун кол тамгасы коюлган футболкаларга ээ болушту.

Белек алгандардын бири – 11 жаштагы Динер В.Шевченкого: «Эгер 10 жашта болуп калсаңыз өзүңүзгө кандай кеңеш айтат элеңиз? 10 жаштагы спортчуларга кандай кеңеш бересиз?», - деп суроо узаткан.

В.Шевченко жаш күйөрманынын суроосу оор экенин белгилеп, ага жооп берүү кыйын экенин билдирген. Мушкер айым: «Мен тандаган жолум үчүн эч качан өкүнбөйм. Канчалык кыйынчылыктар болсо дагы, мен аны жеңдим», - деп жооп берген.

Динердин апасы Нафиса Ташходжаева уулу суроосун мектептен даярдап келгенин айтты. Динер В.Шевченко менен жолугушуу үчүн аянтка апасы жана иниси менен келген.

UFC чемпиону Валентина Шевченко Ош шаарына келген машыктыруучусу жана апасы менен келген.

Ал шаардагы мейманканалардын биринде журналисттердин катышуусунда маалымат жыйын өткөргөн. Журналисттердин суроолоруна жооп бергенден кийин Валентина Шевченко Ош шаарындагы спортчуларга мастер-класс өтүп, уруш өнөрүнүн муай-тай түрү боюнча ыкмаларды үйрөттү. Ошондой эле беттешке чыгардын алдында аткарыла турчу көнүгүүлөрдү көрсөткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×