Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Ош облусуАраван району 11.04.2019 09:55

Аравандагы канал тазаланып, суу бериле баштады

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Араван районунун Гүлбаар айыл өкмөтүндөгү Араван каналы толугу менен тазаланып, суу берилди. Бул тууралуу Гулбаар айыл өкмөтүнүн башчысы Сүйүн Гүлжигитов билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын жазгы талаа иштеринин алдында Араван каналында 1 ай оңдоп-түзөө иштери жүрөт. Жергиликтүү тургундар ошол учурда сууну Ош шаарынан жана коңшу айыл өкмөттөрдөн ташып, пайдаланышат.

Быйыл каналды тазалоо иштери февраль айынын аягында башталган. Таза суу 8-апрель күнү берилген.

«Канал 20-март күнү тазаланып бүткөн. Бирок айрым оңдоо иштери толугу менен бүтпөй калгандыктан, 2-апрелден 8-апрелге чейин суу берүү токтотулган. 2019-жылга пландалган оңдоо иштери толугу менен бүттү», - деди С.Гүлжигитов.

Гүлбаар айыл өкмөтүндө жалпысынан 1 миң 600 түтүн жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×