Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 11.04.2019 10:25

Элет көйгөйү: Түгөнүп калган жер тилкеси, авариялык бала бакчада тарбияланган 100 бала

Чоң-Алай району
Чоң-Алай району

Turmush -  9-апрель күнү Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүндө жергиликтүү тургундар жыйын өткөрүшүп, чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдү талкуулашты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Айылдык кеңештин төрагасы Ислам Эрмаматов күн тартибинде жазгы талаа иштери, жайлоого баруучу жолдордун абалы, таза суу маселелери каралганын айтты.

«Дыйкандар менен жазгы талаа иштерине даярдыкты, жай мезгили келери менен жергиликтүү тургундар массалык түрдө жайлоого көчүшкөндүктөн, жолдордун абалын талкууладык. Сел алып кеткен жолдор болсо оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Ал эми негизги көйгөй болгон таза суу маселеси быйыл чечилет деп пландап жатабыз. Кашка-Суу айылында жашаган 600 түтүн дарыядан сууну ташып ичишет. Дарыя айылдан 500 метр алыста жайгашкан. Бала бакча, мектеп маселеси көп жылдардан бери чечилбей келет. Республикалык бюджеттен акча бөлүнүп, курулуп жаткан Эсенгелди уулу Максатбек атындагы орто мектебинин курулушу 4 жылдан бери бүтпөй жатат. СССР убагында курулган Эсенгелди уулу Максатбек атындагы орто мектептин эски имараты менен «Байчечекей» бала бакчасынын имараты авариялык абалда турат. 25 балага ылайыкталган эски бала бакчада 100 бала тарбияланып жатат. Дагы 100дөй бала кезекте турат», - деди Ислам Эрмаматов.

Айылдык кеңештин төрагасы аталган айыл өкмөттө үй курууга жер тилкелер калбай калганын дагы кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×