Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Ош облусу, Ноокат 11.04.2019 14:14 На русском

Ноокаттык баскетболчулар эл аралык мелдеште 3-орунду алышты (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунун баскетболчулары Өзбекстанда өткөн мелдеште 3-орунду алышты, деп билдиришти Ноокат шаардык мэриясынан.

Маалыматка караганда, 4-апрель күнү Ноокат шаарынын өспүрүм кыздар арасындагы баскетбол боюнча курама командасы Өзбекстандын Наманган облусунда өткөн эл аралык мелдеште 3-орунга ээ болушкан. Эл аралык мелдеш 29-мартта башталган. Ага Казакстан, Азербейжан, Түркмөнстан, Кыргызстан, Өзбекстандын командалары катышты. Мелдеш эл аралык баскетбол ассоциациясынын (FIBA) эрежелери боюнча өткөн.

Ноокат шаарынын өспүрүмдөр арасындагы баскетбол боюнча курама командасы Кыргызстанда райондук, облустук, республикалык мелдештерге катышып, Өзбекстандагы эл аралык мелдешке жолдомо алган.

Андан тышкары аталган мелдешке Кыргызстандын атынан «Гиннес» жана «Эдельвейс» командалары дагы катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×