Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ош облусуӨзгөн району 12.04.2019 18:48 На русском

Дельтаплан жасап, айылдаштарын таң калтырган С.Мырзакматовго чет өлкөдөн сунуштар түшүп жатат. Видео

Сапарбек Мырзакматов, Өзгөн району
Сапарбек Мырзакматов, Өзгөн району
// Turmush

Turmush -  Өзгөн районунун Чаңгет айылынын 39 жаштагы тургуну Сапарбек Мырзакматов 3 жылдан бери жасап жаткан дельтапланы (моторсуз учуучу аппарат) менен айылдаштарын таң калтырды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Сапарбек мырза бала кезинен эле учуучу аппарат жасаганды кыялданчу жана ал кыялын 5 айдын ичинде орундатты.

«Атам темир уста болгон. Аны менен көп жүрүп темир иштетүүнүн көптөгөн сырларын үйрөндүм. Кыргызда “Атаң кылган ишти кыл” деген сөз бар эмеспи, атамдан калган ишти улантып келе жатам. Бала кезимден эле учууну кыялданып, түшүмдө учуп жүрө берчүмүн. Ошондуктан дельтаплан жасаганга менин кыялым түрткү болду окшойт. Дельтапланды убактылуу темир жана сапаттуу кездемеден жасадым. Анткени мындай учакка сапаттуу жана жеңил кездемелер керек. Тилекке каршы андай кездемелер Кыргызстанда жок экен. Каражат болсо Россия же Өзбекстандан буюртма кылып, алдырам. Мындай учуучу аппаратты бир нече жолу жасап көргөм, бирок ойдогудай болбой калган. Дельтапланды учууга ылайыктоо үчүн аны айрым канаттуулардын канаттарына окшоштуруп жасадым. Алгач жасап жатканда бир топ кыйынчылыктар болду, дароо эле окшошуп кеткен жок. Бир караганда оңой көрүнгөнү менен иш жүзүндө көп түйшүктү талап кылат»,- деди темир уста.

Ал дельтапланды куштун канатындай кылып жасаганда буга чейин жасаган эмгектерине караганда бир топ өзгөрүүлөрдү байкаган.

«Учуунун да өзүнүн илими бар экен. Бардык адамдар эле дельтаплан менен уча бербейт. Кыйынчылыксыз ийгилик жарата албайсың. Башында көп жыгылып, денемден жеңил жаракат алган учурлар көп болду. Дельтапланды чачып, кайра жыйноого болот. Аны интернеттен карап, өзүмө ыңгайлуу кылып жасап алгам. Негизги бөлүгү темирден жана бышык кездемеден тургандыктан жалпы салмагы 55-58 килограммды түзөт. Кээ бир адамдар «оор кылып жасап алгансың» деп айтышат. Эгер муну жеңил кылып жасасаң, темири жана кездемелери шамалга туруштук бере албай, сынып кетиши мүмкүн. Эгер бир жерден ката кете турган болсо адам өмүрүнө зыяны тийип калышы мүмкүн», - дейт Сапарбек мырза.

Ал өзү жасаган делтапланда 60-70 жолу учуп көргөн.

«Дельтаплан кайсы тарапка оосоң ошол тарапка бурулат. Шамалдын ылдамдыгына жараша учуу керек. Анткени учуп бара жатканда шамал аңтарып жибериши мүмкүн. Негизи бийик жерден учканда коопсуздук үчүн парашют алып алыш керек. Жакынкы күндөрдө дельтапланды титан темир таап, жасайм. Анткени титан жеңил жана бышык болот. Кошумча мотор коюуну дагы пландаштырып жатам», - деди Сапарбек Мырзакматов.

Анын айтымында, эмгегин көргөн жергиликтүү тургундардан дельтаплан жасап берүүгө суроо-талап түшкөн. Россиялык бир киши менен интернет аркылуу байланышып, дельтаплан жасоонун ыкмаларын көрсөтүп берген. Андан тышкары Казакстанга чакырышып, акысыз окутуп, бир дельтапланды белекке берүүнү сунушташкан. Бирок Сапарбек мырза үй-бүлөлүк шартка байланыштуу ал сунушка көнгөн эмес.

Учурда Сапарбек Мырзакматов жубайы менен 3 кыз жана 3 уулун тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×