Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Ош облусуКара-Суу району 12.04.2019 18:17 На русском

Кыргызстандык мушкер Тилек Машрапов UFC уюму менен келишим түзүшү мүмкүн (сүрөт)

Turmush -  Эрежесиз эр уруш боюнча дүйнө чемпиону, жиу-житсу жана грепплинг боюнча спорт чебери Тилек Машрапов учурда америкалык «Титан» уюму менен иштешип, келишим боюнча 4 беттеш өткөрөт. Ал Төртүнчү беттешинен кийин UFC уюму менен келишим түзүп калышы мүмкүн экенин Тилек Машрапов өзү аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

Океандын ары жагында Кыргызстандын намысын коргоп жүргөн Тилек Машрапов 1989-жылы Кара-Суу районуна караштуу Баш-Булак айылында туулган.

«Окуучулук күндөрүм Баш-Булак айылында өттү. Тентек кылган күндөрүм аз эле болду. Кээде той-аштарда гана күрөшүп калбасам, спорт менен көп деле машыкчу эмесмин. Спорттун аралаш уруш түрү менен 2014-жылы Москва шаарында Айбек Мусаевдин кол алдында машыга баштагам. Ошол жылы мен үчүн жашоомдун жаңы барагы ачылды десем жаңылышпайм. Анткени спорт ойлоруңду иретке келтирип, ден соолугуңду чыңдайт», - деди Т.Машрапов.

Ал уруш өнөрүнүн 3 түрү боюнча спорт чебери болууга жетишкен.

«Учурда ММА, жиу-житсу жана грэпплинг боюнча спорттун чеберимин. Ошондой эле АКШдагы "Титан" уюму менен 4 беттешке келишим түзгөм. Тилекке каршы биринчи беттеште жеңилип калгам. Эми бир беттешти жеңсем UFC уюму менен келишим түзүп калышым мүмкүн. "Титан" уюму UFC менен келишими болгондуктан "Титан" уюмун тандагам. Ушул жылдын июнь айында Бишкек шаарында чемпиондук кур үчүн беттеш өткөрөм. Эрежесиз эр уруш боюнча орусиялык уюм чемпиондук кур үчүн беттешке чыгууну суранганынан макул болгом», - дейт Тилек мырза.

Мушкердин айтымында, акыркы убакта эрежесиз эр уруштун күйөрмандары көбөйүп жатат.

«Спорт сүйүүчүлөрү эрежесиз урушту эмнеси менен жактырат? Албетте нокаут менен. Октагондо мушкерлер канчалык көп нокаутка учурап, канга боёлсо беттештер ошончолук кызыктуу болот. Ошол үчүн бул спорттун күйөрмандары артып барууда деп ойлом. Мен профессионалдык беттештерде 9 жолу жеңишке жетишип, 2 жолу жеңилгем», - деди Тилек мырза.

Ал кыргыз мушкерлерине каржылык жактан колдоо жетишпей жатканын билдирди.

«Кыргыз мушкерлери эл аралык аренада өздөрүн көрсөтүп жатышат, бирок бизде каржылык жактан колдоо азыраак. Анан мыкты менеджерлер аз», - деди ал.

Тилек Машрапов 4 бир тууган. Үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы. Анын бир тууган иниси Али Машрапов дагы эрежесиз эр уруш боюнча мелдештерге катышып келет.

Т.Машрапов 2015-жылы Москва шаарындагы мелдеште профессионалдык алгачкы жеңишине ээ болгон. Ошол эле жылы Москвада кумитэ (уруш өнөрүнүн бир түрү) боюнча эл аралык мелдеште чемпион, 2016-жылы Россиянын Одинцово шаарынын кубогуна арналган мелдеште дагы чемпион болгон. 2015-2016-жылдары «TIME NO FIGHT» мелдешинин жеңүүчүсү, 2015-жылы ММАдин WMMAF версиясы боюнча дүйнөнүн чемпиону болууга жетишкен. 2016-жылы Россиянын Калининград шаарында өткөн «КОЛИЗЕЙ» мелдешинин жеңүүчүсү, ошондой эле JFC боюнча Бишкек шаарында өткөн эл аралык мелдештин чемпиону. 2017-жылы Америка Кошмо Штаттарында өткөн «RFO-Big-Guns-24» мелдешинин жана 2018-жылы өткөн «BATTLEFIELD» мелдешинин жеңүүчүсү. Андан тышкары грэпплинг, жиу-житсу боюнча өткөн бир катар чемпионаттарды уткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×