Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусу, Ош 13.04.2019 11:07

Ошто жол кыймылынын сакчыларынын арасында самбо боюнча мелдеш өттү (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 12-апрель күнү Ош шаарында кызмат учурунда курман болгон Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери, милициянын старшинасы Асранов Каныбектин жана милициянын ага сержанты Сактанов Мунарбектин жаркын элесине арналган күжүрмөн самбо боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу аталган түзүмдөн билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдешке ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, облустардын жана Бишкек, Ош шаарларынын ЖКККБнын командалары катышып, 7 салмак категорияда күч сынашты. Жыйынтыгында 6 команданын ичинен 1-орунду Ош облусунун ЖКККБнын командасы ээлесе, 2-орунга Чүй облусунун ЖКККБнын командасы, 3-орунга Жалал-Абад облусунун ЖКККБнын командалары ээ болду.

Күжүрмөн самбо боюнча 62 кг салмакта:

- 1-орун – Нарын облусу боюнча ЖКККБнын кенже тескөөчүсү, милициянын прапорщиги У.Рыскелдиев;

68 кг салмакта:

- 1-орун – Чүй облусу боюнча ЖКККБнын улук тескөөчүсү, милициянын кенже лейтенанты А.Иминов;

74 кг салмакта:

- 1-орун – Ош облусу боюнча ЖКККБнын кенже тескөөчүсү, милициянын старшинасы М.Караев;

82 кг салмакта:

- 1-орун – Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кенже тескөөчүсү, милициянын ага сержанты Х.Татиков;

90 кг салмакта:

- 1-орун – Чүй облусу боюнча ЖКККБнын улук тескөөчүсү, милициянын кенже лейтенанты М.Ыбыралиев:

100 кг салмакта:

- 1-орун – Нарын облусу боюнча ЖКККБнын кенже тескөөчүсү, милициянын старшинасы Э.Мамбетов;

100 кг жогору салмакта:

- 1-орун – Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын улук тескөөчүсү милициянын ага лейтенанты А.Султанов.

Милициянын старшинасы Асранов Каныбек Манапович жана милициянын ага сержанты Сактанов Мунарбек Эргешбаевич 2008-жылдын 17-июль күнү коомдук тартипти сактоо учурунда курман болушкан. 2009-жылдан баштап ИИМдин буйругунун негизинде жыл сайын алардын элесине арналган спорттук мелдеш өткөрүлүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×