Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Ош облусу, Ош 13.04.2019 12:52

Ылдамдык, күркүрөгөн добуштар, темир тулпарлар: Ошко чет өлкөлүк байкерлер келишти. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 13-апрелде Ош шаарына КМШ өлкөлөрүнөн байкерлер келишти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына «Темир тулпар» мотоклубунун президенти Маматкадыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, мотоспорт Ош облусунда жаңыдан өнүгүп келе жатат. Ошондуктан Кыргызстандын түштүгүндө мототуризмди өнүктүрүү жана мотосүйүүчүлөрдүн, жаштардын бул спортко кызыгуусун арттыруу максатында ар кандай иш-чаралар уюштурулууда.

«Үстүбүздөгү жылдын эсебинен алгачкы жолу расмий түрдө келип жатабыз. Бүгүн коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан жана Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларынан байкерлер келишкен. Бул иш-чаранын негизги максаты эл аралык ынтымакты бекемдөө, жаштарды мотоспортко кызыктыруу болуп саналат. Мотомаданияты өлкөдө акыркы 4-5 жылдан бери жандана баштады. Өлкө боюнча бул спорт Бишкекте жакшы өнүккөн. Ошто бул спорт жаңыдан өнүгүп келе жатат. Ошондуктан түштүк тараптагы мотосүйүүчүлөрдү бул спортко тартуу зарыл. Бизди Ош шаарында кабыл алган мэрге жана биздин коопсуздугубузду камсыздап жүргөн жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө ыраазычылыгыбызды билдиребиз», - деди Жапаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×