Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Ош 15.04.2019 08:01

«Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору»: Майрамга чет өлкөлөрдүн да жылдыздары келишет

Turmush -  Ош шаарында «Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» аталышындагы эл аралык иш-чарага даярдык улантылып жатат. Салтанаттын расмий ачылышы борбордук А.Сүйүмбаев стадионунда 20-апрель күнү саат 20:00дө башталат, деп маалымдайт мэриянын басма сөз кызматы.

Коноктор жана шаар тургундары үчүн концерттик программа тартууланып, концерттик бөлүккө түрк тилдүү мамлекеттердин курама бий топтору, Казакстандын эл артисти Роза Рымбаева, якутиялык этно-ырчы Юлияна Кривошапкина, Азербайжан, Түркия жана Түркмөнстандын мамлекеттик бий ансамблдери, Казакстандын «Казына», «Жорга», «Шолпан» бий ансамблдери, Өзбекстандын «Тумор» бий ансамбли, Кыргызстандын «Шаттык» элдик бий ансамбли жана курама эл аспаптар оркестрлери катышат. Ошондой эле Кыргызстандын эстрадасындагы алдыңкы ырчылар чыгармаларын тартуулашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×