Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Нарын облусуАт-Башы району 25.04.2019 23:30 На русском

«Жубайлар»: Майрамбүбү апа советтик кыздардын кыялындагы «канзаадага» баш кошконуна 44 жыл болду

Turmush -  «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каарманы — Жылкычы Жусупов менен Майрамбүбү Майнаева. Алар чогуу түтүн булатып келе жатканына быйыл 44 жылдын жүзү болду.

Жылкычы Жусупов 1950-жылы Ат-Башы районунун Биринчи май айылында төрөлгөн. Жаш кезинде колхоздо эмгек кылган, кийин союз тараганда өз алдынча мал чарбасын өнүктүрүп кеткен.

«Мектепти аяктагандан кийин агам аскерге кетти. Мен апамды карап калдым. Агам келгенден кийин Токмоктогу айыл чарба техникумунда 3 жыл билим алып, техник-механик деген кесипти алып чыктым. Андан соң Биринчи май айылында механик болуп иштеп баштадым. Кийин бригада уюштуруп, анда 3,5 жыл, колхоздо башкы инженер болуп 7,5 жыл иштедим. Андан кийин комплекстүү бригадир болдум. Союз тарагандан кийин Биринчи май айылында кооперативдин жетекчиси болуп дайындалдым. Кийин айыл өкмөтү курулганда башкы адис болуп иштеп жүрдүм. Акырында пенсияга чыгып, жумушумду токтоттум. Азыр карыялар сотунда эмгектенип жүрөм. Көбүнчө үй жумуштарын жасап, бала бакырам менен үйдөмүн. Мал чарба менен алектенебиз», - деди ал.

Жылкычы Жусупов жубайы менен кантип таанышып калгандыгын айтып берди.

«Жубайым экөөбүз бир айылданбыз. Мурда жайлоого чыгып, кошуна турчубуз. Чогуу ойноп эле жүрчүбүз. Кийин чоңойгондо аны көрбөй калдым. Көрсө Ат-Башы айылындагы таежесиникинде жашап, ошол жерде окуп жатыптыр. Мен Токмоктон окуумду бүтүп, айылга келдим. Ошондо жубайымды көрүп, экөөбүз 1975-жылы үйлөндүк», - деди ал.

Майрамбүбү Майнаева 1956-жылы Ат-Башы районуна караштуу Биринчи май айылында туулган. 6 бир туугандын экинчиси. Мектепти аяктап, 1973-жылы Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунда билим алган. Биринчи май айылындагы Т.Тынымбаев атындагы орто мектебинде 30 жыл иштеген. Учурда үйдөгү мал чарбачылыгына жардам берет жана неберелерин багат. Мончо жагып, дүкөн иштетет.

«19 жашымда окууга өттүм. Ошондо абышкам экөөбүз жолугуп калдык. Ал шаардан жаңы окуусун бүтүп келген келишимдүү, ичке бала болчу. Мени кичинемден байкап жүрүптүр. Ошентип бири-бирибизди жактырып үйлөнүп калдык. Баарын башынан баштадык. Абышкам экөөбүз шаарга барсак эле 1 жумага жетпей качып келе беребиз. Себеби айылга көнүп алганбыз. Айылдын абасы таза, баарын өз эмгегиң менен табасың», - деди ал.

Алардын 4 уул, 2 кыз, 17 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×