Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Ош облусуКара-Кулжа району 16.04.2019 17:43 На русском

Кара-Кулжада камактагы адам психиатриялык ооруканада дарыланышы керек: Милиция кемчиликке жооп берди

Turmush -  Буга чейин Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси аталган борбордун Координациялык кеңештин мүчөсү менен Кара-Кулжа райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына атайын эскертүүсүз текшерүү жүргүзүшкөн жана бир катар эреже бузууларды катташкан.

Кечээ, 15-апрель күнү аталган борбордун директору Нурдин Сулайманов АКИпресске билдиргендей, убактылуу кармоочу жайда отурган М.у.О. Кара-Кулжа райондук соту чыгарган токтомдун негизинде Жалал-Абад облусундагы «Кызыл-Жар» республикалык психиатриялык ооруканасында мажбурлоо жолу менен медициналык дарылануудан өтүшү керек болчу. Аны соттун чечимине ылайык Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аталган ооруканага коштоп алып барып, кайра алып келүүгө милдеттүү.

Бирок убактылуу кармоочу жайдын башчысы А.Бакиров мекеме керебеттердин жоктугунан кабыл албай жаткандыгын билдирген.

«Аталган факт боюнча акт түзүлдү. Убактылуу кармоочу жайда дары-дармек сактоочу тумбочка жок, дарылар картондон жасалган кутуга салынган, ошондой эле дары-дармектердин тизмеси жок. Убактылуу кармоочу жайда ажаткана санитардык жана техникалык талаптарга жооп бербейт жана колдонууга жарабайт», - деген А.Бакиров.

10-апрель күнү убактылуу кармоочу жайды прокуратуранын кызматкери А.А. текшерген, бирок аталган эреже бузуулар текшерүүчүлөрдүн журналында көрсөтүлгөн эмес. Түзүлгөн акт кайрылуу каты менен бирге Ош облустук прокуратурага жөнөтүлгөн.

Жогорудагы эреже буузулар жөнүндө маалыматка Ош облустук ички иштер башкармалыгы жооп берди.

Алардын маалыматына караганда, 2019-жылдын 27-мартында Кара-Кулжа райондук соту чыгарган токтомдун негизинде убактылуу кармоочу жайда жаткан М.у.О. КРнын Жазык кодексинин 27-беренесине (Акыл-эси жайында эместик) ылайык жоопкерчиликтен бошотулуп, ага карата козголгон иш өндүрүштөн кыскартылган.

«Мажбурлоо чарасы колдонулуп Жалал-Абад облусунун "Кызыл-Жар" республикалык психиатриялык ооруканасында дарылануусу көрсөтүлүп, аны аткаруу милдети Кара-Кулжа РИИБге жүктөлгөн. Тиешелүү кызматкерлер "Кызыл-Жар" РПБнын башкы дарыгери менен сүйлөшкөн учурда, ал М.у.О.ну сот тарабынан чыгарылган токтом күчүнө киргенден кийин алып келүүнү айткан. 27-апрелде токтом күчүнө киргенден кийин М.у.О. психиатриялык ооруканага жеткирилет. Ошондой эле дары-дармек салуучу кутуча жасалып, кемчилик жоюлду», - деп айтылат Ош ОИИБдин маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×