Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Ош облусу, Озгон 17.04.2019 12:10 На русском

Муктаржон Халматов Өзгөн шаарынын мэри болду

Өзгөн шаарынын мэрин шайлоо учуру
Өзгөн шаарынын мэрин шайлоо учуру
// Turmush

Turmush -  Өзгөн шаарынын мэри болуп Муктаржон Халматов шайланды. Бул тууралуу Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Калыбек Акыбаев билдирди.

Анын айтымында, шайлоого Өзгөн шаардык кеңешинин бардык 31 депутаты катышкан. Мэрдин кызматына Рахман Атаджанов менен Муктаржан Халматов ат салышып, шайлоонун жыйынтыгында Муктаржон Халматов 16 добушка, ал эми Рахман Атаджанов 15 добушка ээ болгон.

Буга чейин Turmush басылмасы Өзгөн шаарынын мэри кызматына 2 талапкер катталганын жазган. Өзгөндүн буга чейинки мэри Саипжан Пратов өзү жазган арыздын негизинде менен кызматынан кеткен болчу.

Халматов Муктаржон Маматжанович 1966-жылы 18-сентябрда туулган. Жогорку билимдүү. И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун 1992-жылы аяктаган. Буга чейин Өзгөн шаарындагы №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун жетектеген. 27 жылдык эмгек стажы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×