Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Жалал-Абад облусуСузак району 18.04.2019 12:43 На русском

«Мен баккан кемпир 9-кабаттан секирип...»: Россияда пол жууган Жамиланын орун басарга чейинки жашоосу

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Жамила Нишанбаева. Ал 1981-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Октябрь айылында жарык дүйнөгө келген. Карапайым үй-бүлөнүн эң кенже кызы. 6 бир тууган, эки агасы, үч эжеси бар.

Учурда ал Москва шаарында жашап, дарыкананын директорунун орун басары болуп иштейт. Ошондой эле коомдук иштерге активдүү катышып келет.

Оор күндөр

- 2006-жылы күз айында Россияга келдим. Алгач тоок фабрикасында, ар кандай жумуштарда — пол жууп, кемпир карап иштедим. Көптөгөн кыйынчылыктар өттү. Бирок эч кимге эч нерсе айтпай ичиме жутуп, көп ыйлаган күндөрүм болду. Азыр ошол күндөрдү эстесем, кантип жашадым экен деп коркуп кетем. Күн сайын коркуу сезими болуп турчу. Эмнегедир көкүрөгүм ачка болуп, бир нерсе жетпегендей боло берчү. Эртең менен эрте жумушка кетип, кеч келчүмүн. Жумуш оор, буттан сыз өтчү. Суукка тоңуп, чыйрыгып, дене табым көтөрүлүп, оорусам да ишке чыкчумун. Анткени алдыга койгон максаттарыма жетишим керек эле…

Жанна — робот

- Өзүмдүн турак үйүм болсо экен деп акчамды коротпой, бир тыйындан бери чогултчумун. Акчамдын жарымын ата-энеме салчумун. Анткени ата-энемдин батасын алсам, жаратканым мага эки эсе ырыскы берет дечүмүн. Ата-эне ыраазы, Алла ыраазы деп коюшат эмеспи.

Чоң фуралар менен жумурткалар келип турчу. Ар бир таңгакта 10 даанадан жумуртка болчу. Ал 18 рубль. Ал эми ар бир кутуга 25 даанадан салганда, салмагы 20 кг болор эле. Аны мен 7-8 катарга тизчүмүн. Ошонун азабынан омурткаларым азыркыга чейин ооруйт. Жумуштан кийин резина өтүк кийип, чоң имаратты щетка менен жууп чыкчумун. Аябай сасык жыт чыгып турчу… Же таштап кете албайм. «Таштасам башка жумуш таба аламбы?» деген ойдо иштеп жүрө бердим. Мени ошондо көбү «Жанна — робот» дешчү.

Мени чек арада наркоман дешип...

- Бир окуя эсимден кетпейт. Ошол кезде каттоомдун мөөнөтү бүтүп, Украинага сапар алдым. Ал жерден документке кирди жана чыкты деген мөөр бастырмакмын. Кыштын суук күндөрү болчу. Унаада кыйналып, чек арага эптеп жеттик. Ошол жерден кордукту көрдүм. Ал жерден бизди адам катары көрүшкөн жок. Кудум эле кылмышкер катарында мамиле кылышты. Анысы аз келгенсип суукта тоңуп калдым. Сыртта көп киши кезек күтүп турушат. Мен өтсөм деген эле кишилер. Мен байкуш калчылдап, эптеп чек арадан өткөндөн кийин эсим ооп, жыгылып калыптырмын. Көзүмдү ачсам тез жардам чакырылыптыр. Милиция бөлүмүндө экенмин. Мени медициналык кароого алышып, «наркоман эмеспи?» деп сүйлөшүп жатышыптыр. Бир маалда бир медик аял келип, «кыздын жанына жылыткыч койгула, тийбегиле» деди. Мага боору ооруду окшойт. Ошентип эптеп унаага отуруп, жолдон ысык чай ичип, жаным жай алып калды.

Алданып калдым

- Ошентип кайрадан Москвага келдим. Жарандык паспорт албасам болбойт деп калдым. Бирөөлөр менен паспорт алуу үчүн сүйлөшүп, документтеримди, акчамды бердим. Өзүбүздүн эле кыргыз туугандарыбыз болчу. Бирок алар ошону менен жоголуп кетишти. Акчадан же документтен дайын жок. Бир жыл бою аларды издеп жүрдүм. Ал учурда кемпир багып жаткам. Ошентип, чуркап жүрүп араң дегенде жарандык паспортко жеткем.

Өз уул-келининен кордук көргөн кемпир

- Кемпирдин үйүндө жагымдуу атмосфера болгон жок. Кемпир менен кошо мен дагы азапка түшүп калгандай болдум. Ал 86 жашта эле. Өзүнүн баласы менен келининин кордугун көрдү. Мага болсо «апама тамак бербе. Убагында бул аял бизге кордук көрсөткөн» деп көп эскертишчү. Бул көрүнүшкө жүрөгүм ооруду. Кемпир ооруганы менен акылдуу болчу. Баарын билип, сезип турчу. «Жанна тебе огромное спасибо за то, что ты продлеваешь мою жизнь» деп айтар эле. Мен уул-келининен бекинип, тез-тез тамак берип, суудан ичирип койчумун. Бул көрүнүш чанда гана болчу. Көбүнчө уул-келини уктап калган кезде берчүмүн. Бир күнү «сени кыйнабай дааратканага өзүм эле басып барайын, ходунокту алып келип бер» деди. Аны баласы көрүп калып, мени да, апасын да урушуп кирди. Мен дароо бөлмөмө кирип кеттим да, шолоктоп ыйлап жибердим. Кемпирдикиндей кордукту эч кимге бербесин.

Байкушка тамакты бекинип жасап берип, өзүмдүн да тамакка болгон табитим качты. Уйку жок, табитим жок, 15 күндүн ичинде 6 кг салмакка арыктап кеттим. Бир күнү уул-келини жокто, кемпирди жуунтуп, тырмактарын алып койсом, мага ыраазы болуп, колумдан өөп койду. Анан эле уул-келини келип, кемпирди соккулап киришти. «Сен кайда жасанып жатасың? Сен өлсөң, тынч отурат элек» дешти. Мага болсо «эгер дагы ушундай мамиле кыла турган болсоң, айлыгыңды кыскартабыз» дешти.

Кемпир кордукка чыдабай кетти

- Таң атты. Туруп, бети-колумду жууп жатканда кемпир «Жанна» деп кыйкырды. Барсам эле бири уруп, экинчиси урушуп жатыптыр. Мен шок абалда туруп калдым. Кетип калгым келди, бирок кемпирди мындай абалга таштап кете албай койдум. Бир күнү кемпир жашоого тойгонун баарына көрсөттү. Байкуш бул кордукка чыдабай кетти. Мен ага быламык жасап жатканда, ал терезенин түбүнө стол коюп, 9 кабаттан өзүн таштап жибериптир. Бөлмөсүнө кирип эле таппай калдым. Бардык жерди издедим. Терезени карасам эле, кемпир жерде жанчылып жатат. Уул-келини келип, мени сооротуп киришти. Алар тергөөчүлөргө «түнү менен уйку берчү эмес. Психикалык жактан ооручу деп айт» дешти. Небереси да келип калды. Аркы бөлмөдө батир маселесин чечишип жатышты. А, кемпирди жоктоп, үйдө ыйлаган жан жок. Арманда кетти. Айла жок... Милиция кызматкерлери келгенде уул-келиндин айтканын жасадым. Андан башка аргам бар беле? Балким мен жаштык кылдым, балким корктум. Азыр болсо баарын ачык айтып бермек белем деп ойлойм.

Жакшылыкка жакшылык

- 2011-жылы күз айында дагы бир кемпирди карадым. Өзүмдүн кесибим медик. Ошондуктан жумуш берүү агенттиги оорукчан кемпирди беришти. Чынын айтсам, ооруп жаткан кемпирди кароо оңой болгон жок. Кемпир өзүн-өзү тааныбай калган. Ал кезде деле паспорт колума тие элек болчу. Бул кемпирдин абышкасы жакшы киши экен. Ошол себептен кемпирди эле карап тим болбостон, мага тиешеси жок жумуштарды да жасап, үйүн тазалап, тамак-ашын бышырып жүрдүм. Өзүмдүн ата-энеме кылган мамилени жасадым. Ошонума ыраазы болуштубу, айтор айлык аларга келгенде эки эсе төлөп беришти. Абышка ага кошуп пенсиясын толугу менен колума карматты. Мен «жок, муну ала албайм. Өзүмдүн акымды эле алам» десем, абышка ыйлап жиберди. «Биздин кыз 15 мүнөт араң турат. А, сен бизди күнү-түнү карап, багып жатасың. Сага кудайым жакшылыктарды берсин. А, балам болсо бир жылдан бери биздин кабарыбызды албайт» деп көп суммадагы акчаны колума карматты. Алар берген акчаны катып, чогултуп жүрдүм.

Коркутуп, бычак такаган бала…

- Бир күнү кемпирди эшикке сейилдөөгө чыгардым. Ал бир нерселерди сүйлөп жаткан. Кайра үй тарапты көздөй бастык. Ошол маалда артыбыздан сыра көтөргөн бала ээрчип жөнөдү дагы, мени ийнимден тартып, «сен кемпирди алдап, эмне кылып жүрөсүң?» деп кекете баштады. А, кемпир өзүн-өзү тааныбагандыктан ага баары бир болчу. Артыбыздан көп кабаттуу үйдүн кире беришинде бычак такап, мени лифтке сүйрөдү. Ошол маалда эмнелерди гана ойлободум. Баарынан байкуш айылдагы ата-энем көз алдыма келди. Жашоом бүттү дедим. Лифт 4-кабатка көтөрүлгөндө абышка жолугуп, ал баланы кубалап, полиция чакырды. Мен нес болуп, калтырап, эч нерсе кыла албай калдым. Андан кийин тез жардам келип, дарыгер катуу коркконумду айтты.

Кыйналдым, бирок чыйралдым

- Учурда Москва шаарында жашайм. Кыйынчылыктарды жеңип чыктым. Кыйналдым, бирок чыйралдым. Азыр жумуштан сырткары коомдук иш-чараларга да катышып келем. Канткенде Кыргызстаным өнүгөт деп көп ойлоном. Кайрымдуулук фонд ачып, биздин оорукчан балдарга, томолой жетим калган балдарга жардам берип турсак дейм. Бөтөн жерде болсок да Кыргызстанга жардамыбыз тийсе экен деп тилек кылам.

Алдыга койгон максатым, аябай көп. Кудайымдын жардамы менен ал максаттардын баарына жетем.

Мекендешибиз учурда бир кыздын энеси. Ал эми жолдошу экөө мындан 15 жыл мурун эки жолго түшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×