Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусу, Ош 19.04.2019 11:22

Ошто алдыңкы студенттер тандалды. Олимпиаданын жыйынтыгы (сүрөт)

Turmush -  Ош мамлекеттик юридикалык институтунда Кыргызстандын түштүк аймагындагы жогорку окуу жайлар­дын студенттеринин арасында VIII студенттердин аймактык олимпиадасы өткөрүлдү. Олимпиадага БатМУ, ЖАМУ­­, ЭАУ, ОшМУ, ОшТУ, ОшКӨУ, ОГПИ, ОшМЮИ жана Аймактык билим берүү институтунун (Таш-Көмүр) студенттери катышып, олимпиадалык принципте жана тартипте 1-2-3-орун үчүн катуу ат салышты. Жыйынтыгында мыктылардын мыктысы утуп чыгышты, деп билдирди институттун басма сөз кызматы.

Олим­пиадага жалпы 678 студент­тен жана 227 предмет боюнча сунуштама ОшМЮИге келип түшкөн. Алар­га бардыгы болуп 44 сабактан – 26 адистик, 18 адистик эмес сабактар боюнча олимпиадалык таймаштар уюшту­рулду.

Мурдагы жылдардан айырмаланып бул жолу биринчи жолу байге­лүү 1-2-3-орундар 9 окуу жайдын бир гана студентине ыйгарылды. Аларды ар бир сабак боюнча катышуучу окуу жайлардын тажрыйбалуу окутуучулары тарабынан түзүлгөн атайын комиссиялар аныкташты.

Ошентип ОшМЮИде өткөрүлгөн VIII студенттердин аймактык олим­пиадасынын жыйынтыгы боюнча байгелүү эң көп орунду ээлеп, атайын дипломдорго жана баалуу сыйлыктарга ээ болгон окуу жайлар төмөнкү­лөр болушту:

- ОшМУ 41 диплом;

- ЖАМУ 20;

- ОшКӨ 17;

- ОшТУ 15;

- БатМУ 14;

- ОГПИ 12;

- ОшМЮИ 9;

- ЭАУ 3 диплом менен тиешелүү орундарды ээлешти.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча ОшМЮИнин ректору, профессор Э.С.Токторов жеңүүчүлөргө атайын дипломдорду (1-2-3-даража­да) жа­на баалуу сыйлык­тарды тапшырды.

Кыргызстандын түштүк аймагындагы жогорку окуу жайлар­дын сту­дент­теринин арасындагы IX аймактык олимпиадасын өткөрүү кезеги Жалал-Абад мамлекеттик университетине ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×