Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 20.04.2019 14:08

Вице-мэр эгилген көчөттү кайра тигип, «показуха» кылганы айтылды. Өзү эмне дейт? (видео)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Болот Узакбаев ишембиликте отургузулганына бир саат боло элек көчөттү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү алдында кайрадан тикти. Мындай пикирди Жалал-Абад шаарындагы Ж.Бакиев атындагы экопарктын жетекчиси Сабыр Маматалиев билдирди.

Маалым болгондой, 2007-жылы экологдордун демилгеси менен уюштурулган экопаркта өткөн аптада ишембилик уюштурулган. Ага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жана шаардын мэри Мураталы Тагаевдин катышары күтүлүп жаткан. Бирок ишембиликке бийлик өкүлдөрү белгилүү себептерден улам келбесе дагы өкүлчүлүктүн аппараты, жаштар, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышкан. Ишембиликтин катышуучулары көчөт жоктугуна байланыштуу паркты тазалоо иштерин колго алышкан.

Аталган парктын жетекчиси: «Эгер көчөттөрүм даяр болуп калганда быйылкы жылга пландалып жаткан 200 түп көчөт отургузулуп калмак экен. Белгилүү себептер менен көчөттөр келбей калды. Көчөт жетишсиз болуп калгандыктан өкүлчүлүктүн кызматкерлери башка жумушту жасашты», - деп билдирди.

Ал отургузулган көчөттүн кайрадан тигилгенине дагы токтолду.

«Ишембиликте 60 гана көчөт даярдап калдым. Аны шаардагы №75 лицейден келген 15ке жакын бала отургузуп коюшуп, вице-мэр келет деп күтүштү. Бирок, көчөттөрдүн баары эгилип калган экен. Вице-мэр келгенде жок дегенде эки көчөт отургузсун деп айтып калышты. Балдарга тигилип калган 60 түп көчөттүн эки түбүн жулуп бердим, вице-мэр Болот Узакбаев массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн көзүнчө аларды кайрадан тикти. Албетте, бир саат эч нерсе болбойт, көчөт кайра көктөйт. Бирок мени бийлик өкүлүнүн «показуха» кылганы таң калтырды. Вице-мэр деген кайра жардам бериш керек, колунан келсе 10 түп көчөт көтөрө келип, эгип кетсе рахмат айтат элем», - деди Сабыр Маматалиев.

Ал эми вице-мэр Болот Узакбаев экопарктын жетекчисинин пикирин төгүндөп, ал тиккен көчөт кайдан жана кантип алынып келгенин билген эместигин айтты.

«Ишембиликке мэриянын алдындагы жаштар комитети чакыргандыктан бардым. Барсам чындыгында көчөттөр отургузулуп калган экен. Вице-мэр дагы көчөт тиксин деп калышты. Мен барып, эки түп көчөткө жер казып, аны тигип бүткөндөн кийин Спутник кичи шаарчасындагы ишембиликке жөнөп кеттим. Ал көчөттөр суурулуп, кайрадан тигилип жатканын билген эмесмин. Эгер билсем андай кадамга барбайт болчумун. Эгилген көчөттү жулуп, кайрадан тиккидей акылым кем эмес», - деди ал.

Ишембиликте тартылган видеотасмадан жана ал күнү социалдык тармактарга жүктөлгөн сүрөттөрдөн вице-мэрдин жанында өкүлчүлүктүн кызматкерлери жана жаштар жүргөнүн да көрүүгө болот.

Таштанды ташталган жерди экопаркка айландыруу иши 2007-жылы башталган. Каржы маселесине байланыштуу 2008-жылы Бакиев фондуна өткөрүлүп берилген. 2010-жылы К.Бакиевдин бийлиги кулагандан кийин парк Жалал-Абад шаардык мэриясынын карамагына өткөн. Бирок 2016-жылы соттун чечими менен кайрадан мурда 49 жылдык мөөнөткө алган жайга берилген. Кезегинде сейил бакта тянь-шань арчалары, ак карагай жана кымбат баалуу көчөттөр тигилген эле. Бирок 2017-жылы жалындаган өрттүн кесепетинен 700дөй көктөгөн көчөт куурап калган. Акыркы 3 жылдан бери экопаркты көрктөндүрүү кайрадан күчүнө кирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×