Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ош облусу, Ош 20.04.2019 15:48 На русском

«Ош—Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык иш-чарасынан фоторепортаж

Turmush -  Бүгүн, 20-апрелде өтүп жаткан «Ош—Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чараларынын алкагында борбордук аянтта элдик каада-салттар, этномода көрсөтүлдү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, анда кыргыздын тушоо кесүү, баланы бешикке бөлөө, кыз узатуу, чач өрүү сыяктуу каада-салттар көрсөтүлүп, «Манас» эпосунан үзүндү айтылды. Ага улай эле ак тандай акындар түрк тилдүү өлкөлөрдү даңазалап айтышты.

Аянтка 7 боз үй тигилип, анын алдында шайыр апалардан куралган чыгармачылык топтор ыр тартуулашты. Мындан сырткары, улуттук бий бийленип, ырлар аткарылды.

Эл аралык маданий иш-чарага ар улуттун өкүлдөрү улуттук кийимдери менен көрк кошушту. Ош шаарында жашаган ар улуттун өкүлдөрү улуттук тамак-аштарын, каада-салттарын келген конокторго көрсөтүштү.

Майрамдык салтанат спорттук оюндар менен коштолууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×