Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу, Ош 21.04.2019 17:13

Ошко туристтерди тартуу максатында канаттуу аттын монументин орнотуу сунушталды

Turmush -  Бүгүн, 21-апрель күнү Ошто «Улуу Жибек жолундагы Ош шаарынын жана Ош облусунун туристтик потенциалы» аттуу бизнес форуму өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Форумга шаар мэри Таалай Сарыбашев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов, Жогорку Кеңеш депутаты Айнуру Алтыбаева жана коңшу өлкөлөрдөн келген туризм жана бизнес тармагынын өкүлдөрү катышты. Форумдун жүрүшүндө «Ош шаарынын жана Ош облусунун туристтик потенциалы» аттуу сүрөт көргөзмөсү жана видео презентациясы көрсөтүлдү.

Министр А.Жаманкулов өз сөзүндө туристтер эски, тарыхый, этникалык жайларга кызыгарын белгиледи.

«Бул эл аралык маданий иш-чаранын максаты Ош шаарын дүйнөгө болбосо дагы, түрк элдерине таанытуу болчу. Эки жыл мурда мындай иш-чара Казакстандын Туркестан облусунда өткөрүлгөндөн кийин туристтердин саны эки эсеге өскөн. Туристтер көбүнчө уламыштарга, тарыхтагы окуяларга ишенип, ошол жерге барууга кызыктар болушат. Бизде мындай уламыштар фактысы менен бар. Сулайман-Тоо, караханий доорунан калган Өзгөн мунарасы сыяктуу жайларыбызга байланыштуу уламыштарды жайылтышыбыз керек. Убагында Даван цивилизациясынын борбору болгон Ош шаарына канаттуу аттардын монументин орнотсок деген сунушту айтат элем. Учурдун туристтери заманбап курулуштарга эмес, илгертен сакталып калган архитектуралык курулуштарга кызыгышат», - деди Азамат Жаманкулов.

Ал эми өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев: «баскан ташыбыз, жеген ашыбыз дагы бренд. Жайкы жана кышкы туризмди өнүктүрүүгө биздин климат ыңгайлуу», - деди.

Азербейжан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Туркия өлкөлөрүнүн туризм жана бизнес тармагынын өкүлдөрү өз мекенинин туристтик потенциалын презентациялап беришти. Бизнес форумдун максаты туризм бизнесинин өкүлдөрү менен бийлик органдарынын ортосундагы кызматташууну күчөтүү аркылуу Ош шаарын жана Ош облусун эл аралык рыногунда активдүү позициялоо болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×