Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 22.04.2019 10:08 На русском

Чоң-Алайдын чоң көйгөйү: Тез арада дамба курулбаса, айылды суу каптайт, - айыл башчы (видео)

Чоң-Алай району
Чоң-Алай району
// Turmush

Turmush -  Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургундарынын короо-жайын жыл сайын Кызыл-Суу дарыясынын суусу каптайт. Бул тууралуу Дароот-Коргон айылынын башчысы Жаныбек Камаридинов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, күн жылыганда мөңгүлөр ээрип, анын суусу Сары-Таш айылынан Дароот-Коргон айылына чейин ташыйт.

«Биздин негизги маселебиз — Кызыл-Суу дарыясынын жээгине дамба куруу болуп жатат. 2017-жылы 400 метр дамба курулуп, бирок жумуштар токтоп калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылуу жасаганбыз. Алар 2018-жылы планга киргизебиз деген, бирок кирген жок. Быйыл дагы дарыянын жээги бекемделбесе, айылдагы спорт комплексти жана 6 турак үйдү суу каптап кетүү коркунучу турат. Былтыр кар аз жааганда суунун деңгээли 1 метрге көтөрүлгөн. Быйыл кар калың жаады, чоң суу келет. Былтыр суунун агымын өзүбүз таштар менен тосуп, токойго буруп жибергенбиз. Сууну сугат иштерине да пайдаланууга мүмкүнчүлүгүбүз жок, себеби дарыя айылдан ылдый жайгашкан. Кызыл-Суу дарыясы Тажикстан тарапка агып кетет», - деди Жаныбек Камаридинов.

Айыл башчы Чоң-Алай аймагындагы көпчүлүк тоолор шагыл болгондуктан, аларды суу оңой эле агызып кете турганын айтат. Ошондой эле Кызыл-Суу дарыясы жайылып аккандыктан, аны бир нукка салуу мүмкүн эместигин кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×