Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусу, Ош 22.04.2019 11:17

Оштогу биринчи телекоммуникациялык форумга өлкө башчы да катышты

Turmush -  Бүгүн, 22-апрелде Ош шаарында «Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» биринчи телекоммуникациялык форуму башталды. Ага президент Сооронбай Жээнбеков да катышып жатканын өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Форумга мамлекеттик органдардын, депутаттык корпустун, бизнес-коомчулуктун, электр байланыш компанияларынын операторлорунун, коомдук уюмдардын жана эл аралык уюмдардын 500дөн ашык өкүлдөрү катышып жатышат.

Форумдун катышуучулары санарип трансформациялоо боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышып, күндөлүк көйгөйлөрдү жана өлкөнүн санарип экономикасынын негизи катары байланыш тармагын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашууда. Чет элдик жана жергиликтүү телекоммуникация рыногун талдап, өлкөнү санариптештирүү процессиндеги электр байланыш операторлорунун иш тажрыйбасын карап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×