Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Ош облусу, Ош 22.04.2019 13:34 На русском

Оштогу эл аралык бий фестивалын Казакстан менен Азербайжандын бийчилери жеңди

Оштогу эл аралык бий фестивалы
Оштогу эл аралык бий фестивалы

Turmush -  Кечээ, 21-апрель күнү Ош шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин эл аралык бий фестивалы өтүп, анда Казакстан менен Азербайжандын бийчилери 1-орунга ээ болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Эл аралык элдик бий сынагына жалпысынан 250дөн ашуун бийчилер катышкан. Иш-чарага чет мамлекеттен келген коноктор жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов катышкан.

Сынактын жыйынтыгында 1-орунду Казакстан жана Азербайжандын, 2-орунду Башкортостан жана Түркмөнстандын бий топтору алышса, 3-орунга дагы бир Казакстандын бий тобу жана Түркиянын бийчилери ээ болушту.

Эл аралык элдик бий сынагынын калыстар тобунун мүчөсү Арман Нурмухамат уулунун айтымында, бий фестивалы жогорку деңгээлде өттү.

«Катышуучулар өздөрүнүн улуттук бийлерин, маданиятын көрсөтүштү. Жеңүүчүлөрдү аныктоо кыйын болду. Себеби баары жогорку деңгээлде даярданып келишиптир. Калыстардын курамы 10 өлкөнүн беделдүү артисттеринен куралган. 1-орунду алган командаларга 50 миң сом, 2-3 орундарды алган командаларга баалуу белектер каралган», - деди Арман Нурмухамат уулу.

Ошондой эле фестивалдын катышуучулары Ош шаардык мэриясы тарабынан балуу белектер жана грамоталар менен сыйланышты.

Сынакка Кыргызстандын дагы бийчилери катышкан.

Ош шаарында бул күндөрү «Ош —Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» маданий иш-чарасы өтүп жатат. Салтанат 23-апрелге чейин созулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×