Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуКара-Кулжа району 22.04.2019 17:12 На русском

«Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору»: Майрамдык салтанат Кара-Кулжада уланууда (сүрөт)

Кара-Кулжа району
Кара-Кулжа району

Turmush -  «Ош шаары — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» иш-чарасы Кара-Кулжа районунда уланууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ага карата райондун борборуна беш боз үй тигилген жана кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмөлөр уюштурулган. Келген конокторду райондун кире беришинен «Манастын 40 чоросу» тосуп алып, аларга ак калпак жана ак жоолук белек кылышты. Андан тышкары Р.Абдыкадыров атындагы райондук балдар музыкалык мектеби тарабынан даярдалган концерттик программа өтүп жатат.

Майрамдык салтанатка чет өлкөдөн келген расмий делегаттар жана жергиликтүү тургундар катышууда.

Ош шаарында бул күндөрү «Ош —Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» маданий иш-чарасы өтүп жатат. Салтанат 23-апрелге чейин созулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×