Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу, Ош 22.04.2019 18:09 Жаңыланды: 22.04.2019 18:47 На русском

3 эм күтүп, эгиз төрөгөн Гүлзина интернетте жарыяланган УЗИнин жыйынтыктары боюнча пикирин билдирди (сүрөт)

Гүлзина Абдимажитова
Гүлзина Абдимажитова
// Turmush

Turmush -  Ошто 3 эм күтүп, бирок эгиз төрөгөн Гүлзина Абдимажитова интернетке тараган УЗИнин жыйынтыктары боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, ал Кара-Суу районундагы диагностикалык борборуна текшерилгенде, ал жактан эгиз ымыркайлуу болоорун билдиришкен.

«Мен мурда 5 жолу УЗИ аппаратына текшерилгем. Кош бойлуулуктун 28-жумасында Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылындагы диагностикалык борбордон текшерүүдөн өткөндө, ал жактан 2 кыздуу болоорумду айтышкан. Ага ишенбей, кайра Ош шаарындагы Кулатов кичи районундагы УЗИлердин биринен текшерилсем, "3 эм төрөйсүң" дешкен. Мен азыр эч кимге ишенбей жатам. Анткени 1 кызым жок болгонсуп жатат. Жалал-Абад шаарындагы текшерилген жайдан боюмда 3 эм болгондугун тастыктаган бардык далилдер бар экендигин айтышууда. Бул боюнча жолдошум укук коргоо органдарына да кайрылган. Бирок жыйынтык чыга элек. Эгер дарыгерлердин айтканы туура болсо, анда мага жалган маалымат берген УЗИ кызматкерлери жумушунан кетсин. Эгерде дарыгерлердин катачылыгы болсо, жоопко тартылыш керек», - деди Гүлзина Абдумажитова.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош облустук төрөтканасында көз жарган Гүлзина Абдимажитова 3 эм ымыркай күтүп, бирок эгиз төрөгөнүн жазган. Өзүнүн айтымында, ал төрөткө чейин 5 жолу УЗИ аппаратына текшерилген жана дарыгерлер дагы 3 эмдүү болорун айтышкан.

Учурда Г.Абдимажитова эгиз кыздардын апасы. Бирок ал 3-ымыркайынын төрөлүп-төрөлбөгөнүнө шек санап жатканын аймактык кабарчыга билдирген.

Дарыгерлер болжолдуу түрдө 3 ымыркай төрөлөт деп даярданышып, Г.Абдимажитованы операция жолу менен төрөтүүнү чечишкен. Гүлзина айым наркоздон кийин эсине келип, эгиз ымыркайларды көргөнүн айткан.

«Мен 9-апрель күнү облустук төрөт үйүнө келгем. Мурун УЗИ аппаратына текшерилгенимде 3 эмдүү болорум айтылып, ал тургай алардын салмагына чейин жазылган болчу. Бирок операциядан кийин ойгонгондо колума эгиз кыздарымды карматышты. Мен буга чейин өз көзүм менен УЗИден 3 ымыркайды көргөм», - деген ал.

Анын жолдошу Ынтымак Базарбай уулу тиешелүү кызматкерлерди жоопко тартыш керек деген пикирин билдирген.

«Мен азыр таң калып турам. Буга чейин 3 эм дешкен, бирок ымыркайлар төрөлгөндөн кийин эле эгиз деп коюшту. Бир аз ишенбей турам, аппарат туура эмес диагноз чыгардыбы же дарыгерлер алдап койдубу, айтор бул иш бүдөмүк болууда. Мени гана эмес башка адамды деле "3 же 4 эмдүү болот экенсиң" деп, анан эле эгиз ымыркайлуу болдуң деген болбойт да. Ошондуктан тиешелүү тараптар жооп бериши керек», - деген Ы.Базарбай уулу.


Ал эми аталган төрөт үйүнүн кызматкерлери айтылган дооматтарды четке кагышкан. Алардын айтымында, УЗИ аппараты да жаңылган учурлар болгон. Дарыгерлер бул иштин себебин дагы ошол аппараттын жаңылыштыгы менен байланыштырышкан. Төрөт күнү Гүлзина айымга акушер-гинеколог Эра Кариева операция жасаган.

«Бул келин (Г.Абдимажитова) ооруканага келген күнү эле патология бөлүмүнө жаткан. Ал жакта аны башка дарыгер караган. Аталган келин төрөгөн түнү мен нөөмөттө болчумун. Акушерлер "бир аялдын толгоосу башталып калды" дегенинен келинди көргөнбүз. Буга чейин пландалат да. 3 эм төрөй турган болгондон кийин операция жолу менен төрөтүү керек. Операция кылып, эгиз кыздарды төрөттүк, үчүнчүсү жок экен», - деген Э.Кариева.

Акушер-гинекологдун сөздөрүнө төрөткананын башкы дарыгери да кошулган.

«Ооба, чындыгында "3 эм төрөйт" деп айтылган экен. Бул келин (Г.Абдимажитова) 5-апрелден 9-апрелге чейин биздин көзөмөлдө болгон. "Операция жолу менен төрөтөбүз" деп даярданып жатканбыз. Анткени анын балдарынын жайгашуусу ар кандай эле. Анан бизде эгиз балдар төрөлгөнү боюнча далил бар. Төрөт учурунда чөнтөк телефонго видеосу тартылган», - деген башкы дарыгер Гүлбара Кенжебаева.

Жалал-Абад облусунда төрөлгөн Гүлзина Ош шаарына келин болгон. Буга чейин 1 кыз төрөгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×