Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 23.04.2019 10:40

Чоң-Алайдын Бурган-Суу айылында катуу шамал болуп, 2 үйдүн чатырын учуруп кетти

Turmush -  21-апрелде саат 21:00 чамасында Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылында ылдамдыгы секундасына 16 метрге жеткен шамал катталып, 2 үйдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, шамал 2 үйдүн 75 метр квадрат, 4 сарайдын 240 метр квадрат темир чатырын учуруп кеткен. Ага катар эле айылдын 280 метр электр чубалгысы үзүлгөн. Электр энергиясы калыбына келтирилди. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×