Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу, Ош 23.04.2019 11:41

Сүрөт — Президент катышкан форумда уктап калган чиновниктер: Жыйынга баргандар эмне дейт?

Turmush -  Кечээ, 22-апрель күнү Ош шаарында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өткөн «Санарип Кыргызстан: Региондорду өнүктүрүү» телекоммуникациялык форумунда уктап калган мамлекеттик кызматкерлердин сүрөттөрү интернетке тарап, социалдык тармактардын колдонуучуларынын сынына кабылды.

Уктап калган кызматкерлердин сүрөттөрүнүн арасында өкмөттүн Баткен жана Жалал-Абад облусундагы өкүлдөрү, Ош шаарындагы мамлекеттик мекемелерде жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлчүлүктөрүндө иштеген чиновниктердин сүрөттөрү бар. Социалдык тармактарда айтылып жаткан сын боюнча Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы телекоммуникациялык форумга баргандардын пикирин угуп көрдү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош шаарындагы өкүлү Абдимиталип Шамшиев уктаган чиновниктерди тарткан журналисттерди айыптады.

«Ошол сүрөттөрдү тарткан журналисттердин уяты жок экен. Биз 3 күн бою уктаган жокпуз. Ал жыйында уктасак, уктап кеткендирбиз. Анда дарга асып койгула», - деди ал.

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев да алыстан келгендерди туура түшүнүү керектигин айтты.

«Мен жыйында уктаган жокмун. Башкалар жөнүндө эч нерсе дей албайм. Бирок мындан кыйкым издөөнүн кереги жок. Себеби айрымдар алыс жактан жол жүрүп келишти. Тирүү жан болгондон кийин көзү жумулуп кетиши мүмкүн, ылдый жакты карашы мүмкүн. Ошол учурда уктагандай болуп калса керек», - деди ал.

Саясий эксперт Төлөгөн Келдибаев мамлекеттик маанилүү иш-чараларга катышкан кызматкерлер эртеси күнү эс алууга тийиш экенин билдирди.

«Мамлекеттик кызматкерлер маанилүү иш-чараларга катышкандан кийин, албетте эс алууга тийиш. Биздеги эмгек кодекси боюнча жумушчулар 8 саат гана иштешет. Эми бул тарап кеткен сүрөттөрдү "кайдыгерлик" деп баалоого болбойт. Анткени чиновниктер андан мурун түрк тилдүү элдердин иш-чараларына катышты, айрымдары аймактардан келип, чарчап калышы мүмкүн. Эгер алар 1 күн эс алып, анан эртеси президенттин форумуна катышып, уктап калганда мына ошону "кайдыгерлик" деп айтканга болот», -деди Т.Келдибаев.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун айтымында, президент сүйлөп жаткан учурда эч ким уктаган эмес.

«Форум эртең менен саат 9:00дө башталды. Президент форумдун башында эле сүйлөдү. Мен ошол жерде болчумун. Президент сүйлөп жатканда бир дагы киши уктаган эмес. Мен кепилдик бере алам. Президент 15-20 мүнөт сүйлөгөнчө уктап калат деген логикага дагы туура келбейт. Бирок форум түштөн кийин дагы уланган. Ошол учурда уктагандар болушу мүмкүн. Түштөн кийин президент форумга катышкан эмес», - деди А.Абсаттаров.
Turmush басылмасы кечээ, 22-апрель күнү Ош шаарында «Санарип Кыргызстан: Региондорду өнүктүрүү» телекоммуникациялык форуму өткөнүн жазган. Ага президент Сооронбай Жээнбеков, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, президенттин кеңешчиси Дастан Догоев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, бир катар акимдер, айыл өкмөт башчылары жана Кыргызстандагы телекоммуникациялык компаниялардын өкүлдөрү катышты.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×