Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ош облусу, Ош 23.04.2019 12:45 На русском

Банкоматтарды талкалап, миллиондорду уурдаган кылмыштуу топтун 2 мүчөсү кармалды (видео, сүрөт)

Turmush -  Араван районунда жана Ош шаарында банкоматтарды талкалап, акча алып кеткен кылмышка шектүү жарандар кармалып, 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2019-жылы 10-февралга караган түнү Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтүнүн Ленин көчөсүндө жайгашкан «Кыргызстан» банкына тиешелүү банкоматтан белгисиз адамдар 904 миң 300 сом акчаны уурдап кетишкен. Ошондой эле 3-мартка караган түнү Ош шаарынын А.Навои көчөсүндө жайгашкан банкомат талкаланып, ичинен 1 млн 500 миң сом акча уурдалган. Ушундай эле кылмыштар Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарынын аймагында дагы катталган.

Жазык кодексинин 200-беренесинин 3-бөлүмүнүн (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, 14-апрель күнү ИИМдин жана Ош ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ар кайсы аймактардын тургундарынан түзүлгөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган.

Алардын бири Ош шаарынын 1989-жылы туулган тургуну К.А. экени аныкталып, Араван райондук соту чыгарган чечимге ылайык камакка алынган. Анын «Мицубиси Спейс Стар» үлгүсүндөгү автоунаасынан 990 миң сом табылып, далил буюм катары алынган.

Ошондой эле 21-апрелде Чүй облусунун 1985-жылы туулган тургуну А.К. кармалып, Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Анын үйүнөн темир буюмдарды кесүүчү аспаптар, 2 даана ноутбук, ок атуучу курал, кылмыш жасаган учурда кийген кийимдер ж.б. буюмдар табылган. А.К. 22-апрелде Араван райондук соту тарабынан 2 айга камакка алынган.

Учурда кылмышка катыштыгы бар башка шектүүлөрдүн жүргөн жерин аныктоо максатында ыкчам иликтө иштери жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Turmush басылмасы белгисиз адамдар Ош шаарындагы Новои жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын имаратынын кире беришине орнотулган банкоматты талкалап, ичиндеги 1,5 млн сомду жана Араван районундагы банкоматты талкалап, 900 миң сом уурдап кетишкенин жазган.
Ошондой эле Нарын шаарында эки банкомат талкаланган. Окуя 12-апрелге караган түнү болгон. Бир банкомат Чаначев менен Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Бакай Банк» ААКтын филиалына тийиштүү болсо, экинчи банкомат Ленин жана Ж.Тынымсейитова көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «KICB» банкына тийиштүү болгон.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×