Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ош облусу, Озгон 23.04.2019 18:34

Унаа келе жатканда чуркап жиберген: Өзгөндө унаа койдуруп кеткен 80 жаштагы карыя каза болду

Turmush -  Кечээ, 22-апрелде Өзгөн шаарында унаа койдуруп кеткен 80 жаштагы карыя ооруканада өзүнө келбей каза болду. Бул тууралуу маалыматты Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыктады.

Маалыматка караганда, Ош—Бишкек жолунун 620-чакырымында (Өзгөн шаары) болгон. Өзгөн шаарынын Кароол айылынын 1997-жылы туулган тургуну М.М. «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаасын Кароол айылынан Өзгөн шаарын көздөй башкарып бара жатып, Өзгөн шаарынын 1939-жылы туулган тургуну М.Ю. атттуу адамды койдуруп кеткен. Аксакал унаа келе жатканда жолдун аркы өйүзүнө чуркап жиберген. Ал кырсыктан алган жаратынан улам Өзгөн аймактык ооруканасына жеткирилип, өзүнө келбей каза болгон.

Учурда аталган кырсык боюнча Өзгөн РИИБ тарабынан тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×