Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Ош облусуЧоң-Алай району 24.04.2019 09:10

Видео — Оот, Дара, Коргон деген 3 сөздөн турган айыл кайсы?

Дароот-Коргон айылы
Дароот-Коргон айылы

Turmush -  Чоң-Алай районунун борбору — Дароот-Коргон айылынын аталышы 3 сөздөн куралгандыгын Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Таирбек Жайчибеков аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, айылдын аталышы өзүнө Дара, Оот, Коргон деген жер-суунун аталыштарын камтыйт.

«Биздин айылда Дара деген жылга бар. Учурда ал жылга эс алуучу жайга айланган. Оот деген белгилүү булак бар. Ал эми "Коргон" деп Кул датканын чеби айтылат. 1762-жылы Кокон хандыгы Кыргызстандын түштүгүн басып ала баштаганда Кул датка ушул чепти курдуруп, чыгыштагы манжурлардан коргонгон. Ушул 3 жайдын аталышынан улам айыл "Дароот-Коргон" деп аталып калган экен», - деди Т.Жайчибеков.

Дароот-Коргон айылы 1885-жылы негизделген. Айыл эли негизинен мал чарбачылыгы менен алектенет. Айылда 2 орто мектеп, 4 бала бакча, маданият үйү, райондук жана балдар китепканасы бар. Ошондой эле оорукана, ФАП, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, коомдук мончо иштейт. Айылда 6 миң 300 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×