Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 24.04.2019 14:10

Алайда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Д.Боронов көз жумду

Turmush -  Алай районунда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндө жашаган 95 жаштагы ардагер Дөөлөт Боронов 21-апрель күнү дүйнө салган. Уулу Кочкорбай Дөөлөтовдун айтымында, атасы Улуу Ата Мекендик согушка 1941-жылы барып, кайра 1946-жылы кайтып келген.

Дөөлөт Боронов 1924-жылы 10-октябрда туулган. Ал жубайы менен 7 уул жана 2 кызды тарбиялаган. 50 небереси жана 20 чөбөрөсү бар.

Учурда Алай районунда Улуу Ата Мекендик согуштун 2 ардагери жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×