Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Талас облусуТалас району 24.04.2019 18:00

Жубайлар: Жигит кезде суукка карабай жубайымды күткөн сезим башкача эле: Аким атанын Бурул апага болгон арзуусу (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылындагы 76 жаштагы Иманкулов Аким ата менен 71 жаштагы Иманкулова Бурул апа 54 жылдан бери бирге түтүн булатып келе жатышат. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Аким ата: 22 жашымда үй-бүлө күттүм. Мен ашыккан сулуу Талас районунун Ак-Жар айылынын кызы болчу. Болочоктогу жубайым менен таякем аркылуу таанышып калгам. Ал убакта кыздын үйүнө барып, ата-энесинин алдынан өтүп, сөйкө салып келишчү. Мен дагы таякемди ортого салып, ата-энемди жибердим. Эки жактын макулдугун алгандан кийин гана жакындан таанышып сүйлөштүк. Кышында күндүн суугуна карабай жубайымдын үйүнө барып, ал апасынан уруксат сурап чыкмайынча күтүп отурган сезим мен үчүн башкача эле. Анткени жигит болуп кызга жолугушууга барып жатасың да. Эрте эле таранып, болгон кийимди кийип жөнөп калчубуз. Ал кыз чыгабы, чыкпайбы ал жөнүндө ойлонуп да койчу эмес элек. Апасынан суранып, кыска убакытка эле чыгат. Бири-бирибизден уялчубуз. Коштошордо колун берип коштошсо, үйгө жетине албай келчү элем. Ар бир нерсенин өзүнүн убагы болот экен.

Ошентип көп өтпөй 1965-жылы үйлөндүк. Жүк ташыган унааны досторум менен айдап барып алып келгем. Ошентип биздин үйүбүз дагы бир башка көбөйдү. Баш кошкондон кийин өзүнчө бөлүнүп жашадык. Үйлөнгөн жылы эле мал менен тоого бөлүнүп кеттик. Ал жакта 20 жылга жакын малдын үстүндө жүрдүк. Жашоо болгондон кийин бирде өйдө, бирде ылдый болот. Барга көөп, жокко чөгүп кетпей, бирди эки кылган кемпириме ырахмат. Күчтүү эркектин артында туруп, тукум улап, үй-бүлөнү сактаган аял киши болот.

Жубайым экөөбүз 7 уул, 3 кыздуу болдук. 10 балабыз үчүн деп жаныбызды жанга уруп иштедик. Улуусунун кийимдерин кичүүлөрүнө кийгизип чоңойттук. Ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлөт. Ишке жарап калган учурда апасы экөөбүзгө жардам берип калышты. Азыр баары өз турмуштары менен. Убагында бир аз кыйналып чоңойттук эле азыр жыргалын көрүп жатабыз. Биз үчүн сүйүүдөн дагы өткөн сезим — бул неберенин жыты. Алгачкы неберелүү болгонду сөз менен жеткирүү кыйын экен. Небере деген эң күчтүү сезим экен да. Кемпирим экөөбүзгө неберелерибиздин ар бир күлкүсүн, кылыктарын, ийгиликтерин, жакшылыктарын көрүү чоң бакыт.

Бурул кыз күнүнөн эле ырдаганга жакын болчу. Турмуш, тиричилик деп жүрүп максатына жетпей калган. Чоңойгондо ырчы болсом деген ниети бар эле. Кээ бир убактарда мага ырдап берип калчу. Азыр неберелери менен баарыбыз бир дасторкондо отуруп калсак сөзсүз чоң энесин ырдатабыз. Ырдамайынча отуруш шаңга бөлөнбөйт. «Жаш кезимде ырчы болбой калсам дагы картайганда ырдайын» деп айыл ичиндеги майрамдарда ырдап калат. Атайын энелер биргеликте топ түзүп, ырдап жүрүшөт.

Бурул апа: Өзүм Талас районунун Ак-Жар айылынын кызы болом. 10-классты бүтүп эле турмушка чыктым. Өмүрүбүз мал менен өттү. Анын ортосунда гараждагыларга ашпозчу, андан кийин короого кароолчу болуп эмгектендим. Бала кезимде ырдаганды жактырар элем. Ал убактарда ырчы болуу каяктан. Заманыбыз оор болуп турган убакта. Бирок ырчы болбой калдым деп өкүнбөйм. Анткени анын ордуна 10 баланын апасы болуп, кеменгер эне болуп отурам. Мен үчүн бактылуулуктун маңызы ушул. Чалым экөөбүз кудайга шүгүр, бактылуу үй-бүлөнү түптөдүк.

Жубайлар уул-кыздарынан 31 небере, 13 чөбөрөлүү болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×