Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 24.04.2019 18:01 На русском

Көл жээктен тоонун чокусуна ташый турган жол: Түрк ишкерлер эң кымбат долбоор менен таанышты

Turmush -  Ысык-Көлкө келген түрк ишкерлерине облустун түндүк тарабына курула турган канаттык жолдун долбоору тааныштырылды. Долбоор тууралуу Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Каныбек Тюлегенов айтып берди.

Анын маалыматына караганда, канаттык жол курулса туристтер акчасын жана убактысын текке кетирбей көл жээгинен түз эле Күңгөй Ала-Тоонун чокусуна жете алышат. Долбоордо канаттык жол Кара-Ой айыл өкмөтүнө тиешелүү эки гектар аянттан башталат. Ал «Алтын-Көл» менен «Алтын-Жай» пансионаттарынын ортосунда жайгашкан. Ал эми канаттык жолдун бүтө турган жери — Эки-Чат, Карагай-Таш жайлоолору болот деп каралууда. Куу-Сере тоосуна бир аз көтөрүлүү жана Ысык-Көлдү 3200 метр бийиктиктен көрүү мүмкүнчүлүгү бар.

Тюлегенов трассанын жалпы узундугу 10 км экендигин кошумчалады. Аталган канаттын курулушу жээкте турган туристтерге 15-20 мүнөттүн ичинде тоого чыгууга жардам берет. Кабиналар 8 кишиден 200 адамга чейин ташып, саатына 12 км ылдамдык менен жүрө алат.

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында айыл чарба багытындагы 2 гектар жер аянтын туристтик объекттердин курулушуна трансформациялаш керек. Ошондой эле долбоордук-сметалык документацияны даярдап, тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу зарыл.

Долбоордун болжолдуу баасы 25 млн доллар. Анын ичинен:

- Узундугу 10 км канаттык жолдун курулушуна жана долбоорлоого 24,9 млн доллар;

- Аймактын инфраструктурасын түзүүгө 100 миң доллар сарпталат.

«Азыр биз бул долбоор ишке киргенден кийин болжолдуу түрдө 1 жылдык жалпы кирешени божомолдой алабыз. Учурда Ысык-Көл районуна 1 миллионго жакын турист келет. Мисалы, 2018-жылы 1 млн 25 миң турист келсе, 2017-жылы 980 миң турист келген. Эгерде канаттык жолго максималдуу түрдө 200 миң адамды же 1 жылда келген туристтердин 20 пайызын өткөрсө жана бир адам үчүн эки тарапка орточо эсеп менен 30 доллар коюлса, жылына 6 млн доллар киреше түшүп турат. Ага таянсак аталган долбоор 4-5 жылдын ичинде өзүн актайт», - деди Кара-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы.

К.Түлөгөновдун айтымында, аталган долбоорду ишке ашырууда экологияга зыяны тийбейт, тескерисинче коомчулуктун көңүлү «Ысык-Көл» биосфералык аймагына, көлдүн, тоолордун, токойлордун жана жайыттардын кооздугуна бурулат.

«Учурда аталган долбоорго Түркиянын ишкерлери кызыгып жатышат жана алар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок биз бардык тараптарга жана бардык сунуштарга ачык экенибизди белгилеп кетким келет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×