Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Нарын облусуНарын району 25.04.2019 08:00

Ишенбек Мукамбетов Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Turmush -  Нарын районуна караштуу Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Мукамбетов Ишенбек Кадыракунович шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айыл өкмөт башчысын шайлоо 24-апрелге белгиленген. Бул кызматка бир талапкер катталган болчу. Шайлоого Эмгекчил айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын бардыгы катышып, анын талапкерлигин бир добуштан колдошту. Жыйынтыгында Мукамбетов Ишенбек айыл өкмөт башчы болуп шайланды.

Мукамбетов Ишенбек 1975-жылы Эмгекчил айылында төрөлгөн. 1982-жылы Т.Байбураев атындагы мектебине кирген. Андан кийин №50 кесиптик окуу жайынан билим алган. 2005-жылы Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. Жергиликтүү кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты. Буга чейин айылдык кеңештин төрагасы болуп иштеп келген.

Үй-бүлөлүү 3 кыз, үч уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×