Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Нарын облусуКочкор району 25.04.2019 08:15

Кочкордо уран кенин иштетүүгө каршы болгондор акцияга чыгышты

Turmush -  Кочкор районунун тургундары «Кочкор эли уранга каршы!» аттуу акцияга чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Кочкор районундагы жарандык активисттер Жаныбек Куттукеев, Адылбек Ашыралиев, Таалай Осмоналиев жана башка адамдар үстүбүздөгү жылдын 22-мартынан баштап «Кыргызстандагы ЮрАзия» ЖЧКсынын жүргүзүп жаткан иши боюнча бир нече жолу Кубакы ашуусуна барып келишкен.

«Урандан чыккан радиация ден соолукка абдан зыяндуу экенин баарыбыз билебиз. Жаратылышыбызга келтирген зыяндан Ысык-Көлүбүз ууланып, туристтердин келиши токтойт. Ошону менен этибиз, сүтүбүз, жер-жемиштерибиз, азык-түлүктөрүбүз уулангандыктан эч жакка өтпөй калат. Ошондуктан биз уран кенинин казылышына каршыбыз. Өкмөт бул кенди биротоло жаптырып, казылган жерлерди зыянсыздандырып, бүтөтүп беришсин! Эгер уран кенин жабуу талабы аткарылбаса, 29-апрель күнү Балыкчы шаарындагы мэриянын алдында Ысык-Көл аймагынан келгендер менен биргеликте митингге чыгып, уран кенин жабуу талабын коёбуз. Ошондой эле ал жерден жөө жүрүшкө чыгып, 1-майда борбор калаабызда Кыргызстандын туш тарабынан келгендер менен чогуу кенди жаптыруу шартын көтөрөбүз. Биздин талап — уран кенин жаптыруу, башка эч кандай шарттарыбыз жок», - деди Т.Осмоналиев.

Акциянын катышуучулары резолюция кабыл алып, өкмөткө уран кенин жаптыруу боюнча кайрылуу жолдошту.

Буга чейин 2015-жылы Кызыл-Омпол тоосундагы «Таш-Булак» тоо-кен тилкеси мамлекеттик баланска коюлуп, изилдөө, чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн «Кыргызстандагы ЮрАзия» ЖЧКсына лизенция берилген. Бул аймактан 1632 тонна урандын, 3338 тонна торий, 40102 тонна титан кендеринин запасы бар экени аныкталган.

Кызыл-Омпол уран-торианит чачыранды кендери жайгашкан аймак Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагына тиешелүү. Ал Балыкчы шаарынан 35 чакырым аралыкта, ал эми Кочкор районунун Арзы айылынын Селкинтай, Чаар-Таш кыштоолорунан сегиз чакырымда жайгашкан.

Кочкорлуктар уран кенин жабуу маселеси менен 20-22-апрелде Кызыл-Омпол кени чыккан «Таш-Булак» тилкесинде болушкан. 22-апрелде Ысык-Көл аймагынан жана Кочкор районунан келгендер уран кенин изилдөөнү токтотуу талабын коюшкан. 29-апрелде Балыкчы шаарында мэриянын алдына митинг өткөрүү жана Бишкек шаарына жөө жүрүш уюштуруу чечимин кабыл алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×