Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусу, Ош 25.04.2019 16:44 На русском

Сүрөт — Кадамжайда бешикте жаткан бала төөнөгүч жутуп алган

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында 9 айлык баланын кызыл өңгөчүнөн төөнөгүч операциясыз алынды. Бул тууралуу аталган оорукананын башчысынын орун басары Жыргалбек Кадыров билдирди.

Анын айтымында, бала Баткенден 22-апрель күнү келип түшкөн.

«Кадамжайлык 9 ай 11 күндүк бала бешикте көз мончок менен ойноп жатып, анын төөнөгүчүн жутуп алган. Төөнөгүч ачылып, баланын кызыл өңгөчүнө туруп калган. Баланы биздин оорукананын лор бөлүмүнүн башчысы Жангара Абдихаликов карап, жалпы наркоз берип, эзофагоскоп аппаратынын жардамы менен төөнөгүчтү алган. Учурда баланын абалы жакшы», - деди Ж.Кадыров.

Буга чейин аталган ооруканада балдардын ийне, пружина жутуп алган учурлары катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×