Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Талас облусуТалас району 25.04.2019 09:47 На русском

Видео: Таласта 1 түндө калыңдыгы 10 см жеткен кар жаады

Turmush -  Бүгүн, 25-апрелде түндө Талас районунун Талды-Булак айылында кар жаады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, кардын калыңдыгы 10-15 см жетет. Айылда эч кандай күтүүсүз нерселер болгон эмес. Эл малын жайытка чыгарган жок.

Мектеп өз калыбында билим берүүнү улантууда. Кар азыркы учурда бир аздан жаап жатат.

Кечээ, 24-апрелде Баткен облусунун Айдаркен шаарында да кар жааган.

Кар катуу жаагандыктан жергиликтүү жашоочулар абанын температурасы төмөндөп кетишинен коркуп жатышат. Себеби мөмө-жемиштерди үшүк алышы мүмкүн.

Ошондой эле кечээ 24-апрель күнү Ноокат районунун Кара-Кой айылына кар жааган. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

Аталган айылга 10 сантиметрге жеткен кар жаап, айлана аппак карга бөлөнгөн. Жергиликтүү тургундардын айтымында, жааган кар бат эле ээрип кетүүдө. Учурда аба-ырайы суук. Тургундар мөмө-жемиштерге зыян келиши мүмкүн экенин айтышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×