Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуКара-Суу району 25.04.2019 10:06 На русском

«Акыркы жолу Украинага чалган»: Кара-Сууда 17 жаштагы өспүрүм өз өмүрүн кыйды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  23-апрель күнү Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылында 17 жаштагы өспүрүм бала асынып каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы Таалайбек Тезекбаевдин айтымында, өспүрүм бала мектепте 9-классты аяктаган соң окубай калган.

«Мен баланын жаназасына барганда ошол жердеги адамдар маркумдун апасынын азыркы күйөөсү анын үчүнчү жолдошу экенин айтышты. Бала апасы жана өгөй атасы менен жашап келген. Өз атасы Украинада экен. Аймактык тескөөчүнүн айтымында, маркум акыркы жолу Украинадагы өз атасына телефон чалган. Бирок атасы жооп бере албай калган. Ошондон кийин ачуусу менен асынып алышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда», - деди Т.Тезекбаев.

Ал эми Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, баланын ата-энеси аны соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.

Алардын маалыматына караганда, 23-апрель күнү саат 15:30 чамасында Кара-Суу РИИБге өспүрүмдүн асынып каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Баланын денесин кароо учурунда мойнундагы тактан башка эч нерсе табылган эмес. Баланын денеси кечээ, 24-апрель күнү жерге берилген.

Учурда Кара-Суу РИИБ тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×