Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуКара-Кулжа району 25.04.2019 10:54 На русском

«Балык кармап жаткан адам көрүп калган»: Кара-Кулжада 29 жаштагы кыз дарыяга агып кетти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт
// Turmush

Turmush -  Кара-Кулжа районунда Тар дарыясына 29 жаштагы кыз агып кетип, каза болду. Бул тууралуу маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, 22-апрель күнү саат 18:30 чамасында Тар дарыясында балык уулап жаткан адамдан 102 кызматына Кеңеш айылынын аймагында дарыяда аял кишинин денеси агып бара жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Балык кармап жаткан жаран Кеңеш айылынын жашоочуларын чакырып, дарыядан кыздын жансыз денесин алып чыгышкан.

Каза болгон кыз Кеңеш айылынын 1990-жылы туулган тургуну экени аныкталды. Ал буга чейин психикалык жактан жабыркап, атайын каттоодо турган. 22-апрель күнү кыздын туугандары аны таппай, издей башташкан.

Кыздын туугандары анын денесин соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан. Анын апасы Россияда эмгектенет. Кыз атасы жана бир туугандары менен жашачу.

Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×