Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Нарын облусуАт-Башы району 25.04.2019 11:04

Ак-Сайда 360 кой кар астында калган окуя

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Сай өрөөнүндө 2018-жылы кыш мезгилинде 360 баш кой кар астында калган. Бул тууралуу Ак-Жар айылынын тургуну Шайлоо Телкозиев облус башчысы жергиликтүү тургундар менен жолуккан учурда билдирди. Ал мындай көрүнүштүн алдын алуу үчүн жайлоого баруучу жолду оңдоо жана телефон байланышын орнотуу керектигин айтты.

«Ак-Жардан Ак-Сай жайлоосуна көчөбүз. Ушул жерде жолубуз начар, телефон тартпайт. Былтыр бир окуя болду. Кардын астында мал калып, байланыштын жоктугунан киши чакыра албай калдык. Чабан кичинекей баласы менен мал айдап бара жаткан экен. 360 кою кар алдында калды. Ошондо акимчиликтен, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн жардам сурап барды. Алар бир жумадан кийин келип, жерди кастырып, койлорду көмдүргөнгө гана жардам беришти. Андан башка жардам беришкен жок. Жакында эми биз Ак-Сайга көчөбүз, ошондой жагдай кайра кайталанбасын деп облус башчысына кайрылдым», - деди ал аймактык кабарчыга.

Ат-Башы райондук №20 жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Замирбек Аралбаев: «10-майдан баштап грейдер, жүктөгүч унааларды ошол жерге жиберем. Малчылар көчүп барганга чейин жолдорду кырып, тазалап, аң-чөнөктөрдү толтурабыз. 220 км жолду 1 айдын ичинде бүтүп калабыз», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×