Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Нарын облусу, Нарын 25.04.2019 11:58 На русском

Нарында 8 жыл гана иштей турган өпкө аппараты 35 жылдан бери элге диагноз коюп келет

Turmush -  Нарын облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору 1983-жылдан бери 1 гана аппарат менен иштеп келет. Рентген-лаборант Турсунбек Асыкбаевдин айтымында, мындай аппараттын мөөнөтү 8 жылдан кийин эле бүтөт.

«Бул аппарат 1983-жылы өндүрүштөн чыккан, Венгрияда чогултулган. 1984-жылы Нарын облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборуна келген. Ошондон бери иштеп жатат, 35 жыл болду. Колдон келишинче оңдоп-түзөп, эптеп иштетип жатабыз. Мындай аппараттан Кыргызстан боюнча биздики эле калды. Эски болгондугуна карабастан диагнозду так чыгарат. Бирок жаңы аппаратка муктажбыз. Негизи бул көчмө флюорографиянын мөөнөтү 8 эле жыл. Рентген аппараттыкы деле 8 жыл.

Бизде стационардык рентген аппараты да бар. Аны дагы өзүм иштетем. Ал дагы 1983-жылкы аппарат, эскилиги жеткен.

Нарын шаарындагы бардык мектептерди, ар бир райондорду эки жылда бир кыдырабыз. Бул аппараттын плёнкасы кымбат болот. Оңдоого Бишкектен киши келиши керек. Бирок өзүбүз эле оңдоп алабыз. Негизи бир күндө 1 лаборанттан 48 киши өтүшү керек. А, бизде 160тан ашып кетет. Ар бир жаран ден соолугу үчүн жылда бир түшүп турушу керек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×