Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Жалал-Абад облусуАксы району 25.04.2019 12:03 На русском

Мекендештер: Чычкан мантыны орустар сүйүп жешет, - Москвада чайкана иштеткен Анзират (сүрөт)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 43 жаштагы Анзират Тасмаева. Ал Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айылында туулган. Учурда Москва шаарында жашап, жеке ишкерчилик менен алектенет. Turmush басылмасынын кабарчысы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Москва шаарына 2013-жылы келген.

«Жаңы келгенде ашпозчу болуп, ар кайсыл кафе жана ресторандарда иштеп жүрдүм. Эки жылдан кийин айлыктан айлыкка чейин жашоо оор боло баштаганда жеке иш ачуу керек экенин түшүндүм. Учурда жергиликтүү чайкананы ижарага алып, иштетип жатам. Мени менен бирге 6 кыргыз иштейт. Биздин чайканада улуттук тамак-аштар жасалат. Анын арасында Ошто белгилүү болгон чычкан мантыдан баштап, гүлчөтай, бешбармак, эт, чучук, чагыр, эзме курут, куймак, оймо жана башка тамактар жасалат. Бизге ар кайсыл улуттун өкүлдөрү келип, тамактанып кетишет. Чычкан мантыны өзгөчө орустар сүйүп жешет. Алар «майда манты чүчбарага окшош болгону менен даамдуу болот экен» дешет», - дейт ал.

Анзират Тасмаева ар кандай маданий иш-чараларга дагы активдүү катышып келет.

«Москва шаарында болуп өткөн Рысбай Абдыкадыровдун эскерүү кечесине арналган кароо-сынакта экинчи орунга ээ болуп, аккордеон, вельтмейстер белекке алдым жана ардак грамота менен сыйландым. Москва шаарындагы кыргыздардын арасынан «Маданияттын мыкты кызматкери» жана «Даткайым» наамдарын алгам. Концерттерде жана мекендештердин тойлорунда ырдайм. Жакында Болот Токтобаев агабыздын концерти болот. Ага дагы катышууга чакыруу алдым», - дейт мекендешибиз.

Ал учурда Москва шаары алар үчүн бөтөн эмес экенин айтат.

«Москвага жаңы келгенде документтер жок болгондуктан полиция кызматкерлерин көргөндө качып кетчүбүз. Бир жолу жумуштан чыгып, үй жакка жакындап калганда полициянын формасын кийген кишилер подъездде тургандай сезилди. Ал убакта документтерим болсо деле көнүп калган адатымча аркамды карабай качып жөнөптүрмүн. Үйлөрдү аралап качып, эки квартал чуркап барып, аркамды карасам эч ким жок экен. Аба жетпей, оозум кургап, жүрөгүм дүкүлдөп калган. Бир аз өзүмө келип алып, акырын үйгө келип, лифт күтүп турсам, андан баягы форма кийген кишилер чыкса болобу. Аларды көрүп кыйкырып жибериптирмин. Көрсө алар полиция кызматкерлери эмес эле күзөтчүлөр экен. Алар менин абалымды дароо эле түшүнүп, эс алдырып, суу беришкен эле. Ошентип подъезддин тепкичинде өзүмө келип отурганым эсимде, азыр бул окуяны эстесем күлкүм келет.

Учурда Москва биз үчүн бөтөн шаар эмес. Өзүбүздүн жерибизде жүргөндөй эле болом. Бош убактымда Москвадагы «Аян» театрына барам. Азыр бир пьесанын үстүндө иштеп жатам. Буюрса жакында элге алып чыгабыз деген үмүтүм бар. Эми чакан чайхананы тойкана кылуу жана актерлук чеберчилигимди өркүндөтүү, жеке ишкерчилик менен чыгармачылыкты бирдей алып кетүү менин максаттарымдын бири», - деди ал.

Анзират Тасмаева бир кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×