Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуНарын району 25.04.2019 12:36

Нарында өспүрүм кезинде жоголгон Бурул 9 жылдан бери табылбай келет

Turmush -  Нарын районунун Жалгыз-Терек айылынын 1994-жылы туулган тургуну 9 жылдан бери изделүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын РИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, Бадачы кызы Бурул 2010-жылдын 1-сентябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып барган эмес.

Кийген кийимдери: ак футболка, капталында 2 ак сызыгы бар кызыл өңдөгү спорттук шым, кызыл түстөгү жайкы бут кийим жана көк байпак.

Өзгөчө белгилери: бою 145-150 см, көзү кара, арыкчырай, чачы күрөң, узундугу 25-30 см. Дайынсыз жоголгондугуна 9 жыл болгондугуна байланыштуу бой-келбети өзгөрүшү мүмкүн.

Бурулду көрүп-билгендер болсо «102» кызматына же 0700 49 00 19 номуруна чала алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×