Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Нарын облусу, Нарын 25.04.2019 13:15

Илимге берилген адам социалдык жашоодон алыс болуп калат, - мугалим Г.Анарбекова

Turmush -  Нарын шаарындагы мугалим Гүлайым Анарбекова баланын акыл-эсинин өнүгүшү, калыптанышы боюнча пикирин ортого салды. Анын айтымында, өсүп жетилүүнүн шарттарын, жашоонун закондорун билүү менен гана чектелбестен, баланын акыл-эсинин калыптанышы кеңири таралышы керек.

«Биз билим менен кадимки жашоонун ортосундагы байланышты түшүнүүдө, башкача айтканда баланын төрөлгөндөн тартып билим алуусу жөнүндө төмөндөгүдөй чечмелерди элге жеткирүүбүз өтө маанилүү. Дүйнөнүн биринчи жетекчилеринин бири Махатма Ганди айткандай, адам баласы билимди өмүр бою алуусу, экинчиден билим берүүнүн борборунда индивидумдун жашоосу негиз болуусу керек. Билим ар кандай методикалардын жардамы менен адамдан адамга официалдуу түрдө берилип жатат, бирок жашоонун өзү эсепке алынган жок. Адамга, ал төрөлгөн көз ирмемден баштап камкордук көрүлүшү керектиги айтылса да, иш жүзүндө таптакыр бөлөкчө», - деди ал.

Мугалим билим берүү системасы даана коюлган эрежелер менен адамдын жашоосунан — социалдык жана биологиялык жактан өтө алыс коюлганын кошумчалады.

«Баарыбызга белгилүү болгондой, илимге толугу менен берилген адам социалдык жашоодон кандайдыр бир деңгээлде алыс болуп калат. Мисалга алсак, мектепте баланын жүрүш-турушу, көрүүсү же угуусу начар болсо, ал дароо эмне үчүн экени аныкталбастан төмөн баага ээ болорун баарыбыз жакшы билебиз. Адамдын өсүүсүн көңүлүбүзгө алган учурда да, гигиена, тазалык, туура тамактануу сыяктуу гана тарабын билебиз. Ата-эне менен мугалим баланын ар кандай окуудагы тоскоолдуктарын алдын алып, анын үстүндө иштеп, жоюуга биздин билим берүү системасы мүмкүнчүлүк түзүп бере албайт. Бала бакчаны, мектепти, колледжди, жогорку окуу жайды бүтсө да, адам жашоого даяр эмес болуп, алган билими менен жашап кетүүсү өтө кыйын. Студент сынак берип, диплом алуу менен гана чектелет.

Окумуштуулар адам баласынын өсүүсүн изилдеп, билим берүү анын жашоосунда эбегейсиз чоң ролду ээлерин, ал кандай жол менен иштеш керек экендигин даана көрсөтүп жатышат. Ошентип билим берүү системасынын модели даяр, ал эми аны ишке ашырып, түп тамыры менен өзгөртүү убакытты жана адам ресурстарын талап кылат. Өсүп жетилүүнүн шарттарын, жашоонун закондорун билүү менен гана чектелбестен, баланын акыл-эсинин калыптанышы арабызда кеңири таралышы керек. Анын өсүп-өнүгүүсү билим берүү системасына гана жүктөлбөстөн, ал үчүн жалпыбыз жоопкерчиликтүү экенибизди билип эле койбостон, анын үстүндө ар-бирибиз конкреттүү түрдө иш алып баруубуз зарыл. Анткени, бала адамды түзүү деген чоң милдет менен бул дүйнөгө келгенин жана социалдык маселелер анын улутун, тилин, динин гана түзбөстөн, адамдын адам болушуна чоң таасирин көргөзөрүн билүүбүз абзел. Демек, билим берүү системасы бул жашоого даярдоо принциптеринин үстүндө иштеши коом үчүн маанилүү. Анткени бала төрөлгөндөн баштап психологиянын эң сырдуу тереңинде өзүн-өзү адам кылып түзөт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×