Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Нарын облусуАк-Талаа району 25.04.2019 13:49

Улан Казиев Ак-Талаа райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси болду

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчылыгына Улан Казиев дайындалгандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 25-апрелде аталган башкармалыкка жаңы дайылдан У.Казиевди жамаатка тааныштыруу иш-чарасына район акими Нурбек Молдокадыров, акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов, Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек Турусбеков, Коңорчок айыл өкмөтүнүн башчысы Арстан Акиев, Кара-Бүргөн айыл өкмөт башчысы Нурбек Соодонбеков, аксакалдар кеңешинин төрагасы Өмүрбек Дөлөев жана Борбордук шайлоо комиссиясынын райондук өкүлү, У.Казиевдин атасы Токтосун Казиев катышып, жетекчиге куттуктоолорун жолдошту.

Өмүр баяны:

Казиев Улан Токтосунович 1978-жылы 8-июнь күнү Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Терек айылында туулган. Аталган айылдын Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинде билим алган.

Билими:

- 1995-1999-жылдары К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин экономика жана агробизнес факультетинде окуп, экономист кесибине ээ болгон;

- 2000-2006-жылдары ушул эле университеттин экономика жана бизнес факультетинде каржы жана насыя адистиги боюнча билим алган;

- 2012-2015-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окуп, юрист кесибине ээ болгон.

Эмгек жолу:

- 1999-2000- жылдары Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана суу чарба министрлигинде экспедитор;

- 2001-2004-жылдары Россиянын Пермь шаарында соодагер;

- 2004-2006-жылдары Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Экономикалык жана социалдык борборунда жетектөөчү адис;

- 2006-2008-жылдары «Эрлан К» айыл чарба бирикмесинин мүчөсү;

- 2008-2012- жылдары «Эрлан К» айыл чарба бирикмесинин башчысы;

- 2012-2017- жылдары Терек айыл өкмөтүнүн башчысы;

- 2017-жылдан бери жактоочу болуп эмгектенген.

Үй-бүлөлүү, 1 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×