Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Нарын облусуАк-Талаа району 25.04.2019 14:55

Ак-Талаада жазгы айдап-себүүгө мыкты даярданган айыл өкмөттөр менен жер адистери сыйланды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда айыл өкмөттөр жана жер адистери акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Буга чейин жазгы айдап-себүү өнөктүгүнө карата айыл аймактардагы айыл чарба техникаларынын, дан эгиндеринин үрөндөрүнүн, сугат сууларынын берилиши, жер аянттардын даярдыгы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Жазгы айдап-себүүгө мыкты даярдыктарды көргөн айыл өкмөттөр жана жер адистери кечээ, 24-апрель күнү акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Райондун айыл аймактарында 2019-жылдын жазгы талаачылык жумуштарына карата айыл чарба техникаларын кабыл алууда 1-орунду камсыздаган Көк-Жар айыл аймагы 7 миң сом, 2-орунду ээлеген Кош-Дөбө айыл аймагы 5 миң сом жана 3-орунду камсыздаган Терек айыл аймагы 4 миң сом менен сыйланды. Андан сырткары, ушул эле иш-чаранын алкагында Кара-Бүргөн айылынын жер адиси Чынболот Ташыбеков 2 миң сом жана Тоголок Молдо айылынын жер адиси Бактыбек Назаралиев 2 миң сом менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×